26-февраль – Кувейт Мамлекетинин эгемендүүлүк күнүнө арналган социалдык долбоордун алкагында 2023-жылдын 24-февралында Кувейт мамлекетинин Эл аралык «Аль Рахма» коомдук фондунун Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү жана Президенти, доктор Али Альрашид, «Смарт Дженерейшн» коомдук фонддун Президенти Мухаммед Абед Ель-Жажи жана Эл аралык Кувейт университеттин ректору Байсеркеев Аскарбек Эсенович Чүй облусунун муктаж үй-бүлөлөрүнө тигүүчү машиналарды, саан уйларды жана койлорду таратты. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алымбаев Нурил Джайылбекович уюштурду жана доктор Али Альрашидге ыраазычылык катын тапшырып, мындан ары да кызматташуу боюнча сунуштарын билдирди.
View the embedded image gallery online at:
http://iku.kg/index.php/newsiku/111-ch-j-oblusunun-muktazh-j-b-l-l-r-n-tig-ch-mashinalardy-saan-ujlardy-zhana-kojlordu-taratty.html#sigProId49e53bde7b
http://iku.kg/index.php/newsiku/111-ch-j-oblusunun-muktazh-j-b-l-l-r-n-tig-ch-mashinalardy-saan-ujlardy-zhana-kojlordu-taratty.html#sigProId49e53bde7b