Араб тилинде дебат өттү

Эл аралык Кувейт университетинде маркум Шейх Аль-Хажирийдин жаркын элесине арналган араб тилинде дебат  болуп өттү.

Турнирдин тандоо туруна университеттен 15 команда катталып, мыктылардын мыктылары иргелди. Финалга мыкты эки  команда суурулуп чыгып, чечүүчү таймашууларда "Альмудаммирун" жана "Аррувад" командалары ат салышып, 1-орунду "Альмудаммирун" жеңип алды.

Финалдык таймашуулар университеттин "Катар" жыйындар залында Эл аралык Кувейт университеттин ректорунун милдетин аткаруучу Аскар Байсеркеев, араб тили филологиясы кафедрасынын башчысы Махмуд Исмаил Ибрахим өңдүү сыйлуу меймандардын катышуусунда болуп өттү.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө университет тарабынан сертифкаттар  жана белектер тапшырылды.


 

Другие интересующие посты от iku.kg