Эл аралык Кувейт университетинде шайыр жана көңүлдүү жигиттер окуйт

Жакында Эл аралык Кувейт университетинин  “Элдик” (Народный) курама командасы жогорку окуу жайлар аралык “Көңүлдүү жигиттер” аттуу күлкү жана тамаша  долбооруна катышып келишти.

Студенттер жана жаштар арасында  конкурска И.Арабаев атындагы  Кыргыз мамлекеттик университеттин, Бишкектеги тоо-кен энерго-технологиялык колледжинин, Беловодскиден келген  бир топ курама командалар катышты.

Жаштардын чыгармачылыгына жана тапкычтыгына басым жасалган конкурста  калыстардын  жана күйөрмандардын купулуна толуп, Эл аралык Кувейт университетинин командасы жарым финалга чыкты. Айжигит Аттокуров, Азимбек Насиров, Куштарбек Бурханов, Кошмамат Амиров, Белек Абасбеков  түзгөн команда   эми  жакында жарым финалда  татыктуу атаандаштары менен ат салышмакчы.

Другие интересующие посты от iku.kg