Айнур Машанова – педагогика илимдеринин кандидаты

Куттуктайбыз!

 

Айнур Машанова – педагогика илимдеринин кандидаты

Эл аралык Кувейт университетинин профессор-окутуучуларынын катарына дагы бир илимдин кандидаты кошулду. Жакында “Педагогика жана колдонмо информатика” кафедрасынын ага окутуучусу Айнур  Машанова педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертациялык ишин ийгиликтүү коргоду.

Айнур  Машанова педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн “Экономика багытындагы студенттердин билим сапатын жогорулатууда окутуунун жаңы технологияларын колдонуунун педагогикалык шарттары” деген темада эмгек жазган.

Университеттин  профессордук-окутуучулар  курамы Машанова Айнур Сапарбаевнаны  диссертациялык ишин ийгиликтүү коргогондугу менен куттуктайт.  Сизге чың ден-соолук, узун өмүр каалайбыз! Педагогика тармагындагы  илимий мээнетиңиз үзүрлүү болушуна тилектешпиз!

Другие интересующие посты от iku.kg