НОВОСТИ МКУ

← Назад

Эл аралык Кувейт универиситетинде Окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өттү

Круглый стол “Выпускник – 2024: Перспективы трудоустройства и качество.”

Анда Окуу иштери жана илим боюнча проректордун, Тарбия иштери, эл аралык байланыштар жана мамлекеттик тил боюнча проректордун, Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн, Аспирантура, магистратура бөлүмүнүн, деканаттардын жана студенттик мажилистин иш-аракеттери боюнча 2023- 2024- окуу жылынын 1-жарым жылдыгынын отчеттору угулуп, сунуштар айтылды.

Ошондой эле Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн иш алып баруусу жана аккредитацияга даярдыгы тууралуу маалымат берилип, 2024-2025- окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы жана курамы бекитилди.

Мындан сырткары бир катар окутуучуларды КР Президентинин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиясына доценттик илимий наамдарга сунуштоо маселеси, ЭКУнун "Билим жана тарбия" илимий -педагогикалык журналынын жобосун бекитүү, Эл аралык Кувейт университетинин ректоратынын алдындагы "Мамлекеттик тил жана анын саясаты боюнча координациялык кеңешинин" жана "Эл аралык байланыштар боюнча координациялык кеңештин" жоболору талкууланып, бекитилди.