НОВОСТИ МКУ

← Назад

2023-2024-окуу жылы үчүн Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн окуутучулары академиялык мобилдүүлүк боюнча конок лекцияларды окутууда

Кечөө, 2024-жылдын 30-январында окутуучулар Г.Турганова, Н.Койчубаева жана Аскарбек кызы Дильдора Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессионалдык колледжинде (педагогикалык колледж) “Психология, педагогика илиминде жеңил (Sort Skills) жана катуу (Hard Skills) көндүмдөрдүн орду” аталышындагы кызыктуу лекциясын окуп келишти. Лекция жөн гана теориялык негизде эмес, фасилитатордук ыкманы айкалыштыруу менен өтүлүп,

Soft&Hard Skills көндүмдөрү азыркы учурда студенттер үчүн эң маанилүү жөндөмдөр экенин түшүндүрүп беришти жана алар тарабынан эң жакшы кабыл алынды. Бул күнү ЭКУнун Кесиптик орто билим берүү бөлүмү менен аталган окуу жайы тарабынан дагы да кызматташуу, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.