| | | | | | | | | |
        


Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

АРАБ ТИЛИ ЖАНА ЛИНГВИСТИКА КАФЕДРАСЫ





Араб тили жана лингвистика кафедрасы


Махмуд Кашгари – Барскани атындагы Чыгыш университеттин «араб тили» кафедрасы 1999-жылы негизделип , эң алдыңкы кафедралардын бири.

Бүтүрүүчүгө бакалавр квалификациялык даражасы берилип: 4 жылдык күндүзгү окуу «филологиялык билим» («араб тили») берилет.

Бүтүрүүчүнүн квалификациялык мүнөздөмөсү

  • «Филологиялык билим» («араб тили») бакалаврында: «араб тили жана адабият» жаатында фундаменталдуу даярдыктарга ээ боло алышат.

  • «Филологиялык билим» («араб тили») бакалавры төмөнкүдөй кесиптик ишмердүүлүктү ишке ашырат: илимий-изилдөө жана окутуу (орто жана орто кесиптик окуу жайларында), араб тилинен орусчага, кыргызчага жана тескерисинче.

Билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрү.

  • Бакалавр билим алууну улантууга даярдайт:

  • Магистратурадагы багыт: «филологиялык билим», ал эми адистиги: «араб тили жана адабият» (550300).

Кафедранын максаты:

  • Кыргызстанда араб тилин өздөштүрүүнүн алдыңкыларынан болууну;
  • Өз мекенине кызмат кыла алган, жогорку билимдүү жана нравалык жана кесиптик жагынан өзгөчөлөнгөн адистерди даярдоо;
  • Окуучулардын нравалык өсүүсүнө өзгөчө көнүл бөлүнөт;
  • Ар кандай жаатта иш-чаралар өткөрүлөт;
  • Араб тилин окуутууда кафедра окутуучулар тарабынан иштелип чыккан окуу китептери жана окуу – методикалык көрсөтмөлөр менен жүргүзүлөт.
  • Эмгек базарын өздөштүрүү: кафедранын бүтүрүүчүлөрү башка мамлекеттер менен Перс булуңу жана араб өлкөлөрүндө, ошондой эле элчилик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот. Өзгөчө: Кыргыз мамлекетиндеги Араб мамлекетинин элчиликтеринде;
  • Араб мамлекетиндеги Кыргыз мамлекетинин элчилигинде: Сауд Арабияда жана Кувейтте. Мындан сырткары, бүтүрүүчүлөр өз өлкөсүндө араб тил сабагы боюнча сабак бере алышат.

Араб тил кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын эмгек рыногунда кесиптик дал келүүсү жана академиялык өзгөчөлүктөрү менен суроо-талапка ээ.

Окуу процессин кадр орундары менен камсыздоо

“Филологиялык билим” бакалавр 550300 багытында, билим берүү программасына ылайык окутулуп жаткан дисциплиналарга ылайык кесипке багыт берүү боюнча атайын билими бар, илимий жана илимий – методикалык ишмердүүлүкө бай тажрыйбалуу штаттагы окутуучулар менен камсыздоого көңүл бурулат.

Жалпы кесиптик жана профессионалдык адистерди даярдоо дисциплиналарын үйрөтүүдө, окутуучулар профессионалдуу чөйрөдө эмгектенишет.

Алар: доктор, профессорлор -2% ды, илим кандидаттары болсо - 25-30%.

-Бул өңүттө иш алып барууда окуучуларды адеп-ахлактык жактан тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулуп, ар түрлүү иш-чаралар уюштурулуп келет.


Окуу процессин окутуу-методикасы менен камсыздоо

«Филологиялык билим» бакалаврын окутуу процессинин программасы керектүү окутуу-методикалык материалдары менен камсыздалат. Ал материалдар Чыгыш университетинин маалыматтык базасынын фонду болуп эсептелет.

Баардык окутулуп жаткан дисциплиналардын баардыгы окуттуу жана методикалык материалдар менен камсыздалган.

Чыгыш университетинде эки китепкана бар: кыргызча, орусча жана арабча. Бардык студенттерге жеткиликтүү болуусу шартталган. Алар баардык сабактар боюнча: курстук иштер, дипломдор, практикалык иштер, мультимедиялык жана аудио-видеоматериалдар.


«Филологиялык билим» бакалавр программасын ишке ашырууда төмөнкү шарттар менен камсыздаштырылган:

  • Заманбап илимий-техникалык талаптарга ылайык келген жана сабактарды тилдик бөлүмдөрдө өтүүнү камсыздап берген мультимедиялык кабинеттин болушу;

  • Аудиториялык жана өз алдынча иштөөгө перифириялык жабдуулар менен жабдылып өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк берген аудиториялык жана НИР жан НИРС өткөрүүгө багытталган компьютердик класстар бар

    Лингвистика программасынын максаты:
  • бир нече тилдерди билген: кыргыз, орус, араб, англис;
  • рынок шартында атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө даяр;
  • универсалдуу жана кесиптик компетенцияларга ээ болгон;
  • өзүнө социалдык-нравалык сапаттарды калыптандырган жогорку квалификациялуу лингвист-адистерди даярдоо;

Назад...


© Copyright 2016, Международный Кувейтский Университет
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"