| | | | | | | | | |
        


Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

Э. ИБРАЕВ АТЫНДАГЫ ЖУРНАЛИСТИКА ЖАНА КООМ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ КАФЕДРАСЫ


Журналистика кафедрасы 2000-жылы негизделип, ошол эле жылы белгилүү араб журналисти, доктор Маджит Абдулла студенттер менен байма-бай семинар өткөрүп турган. Кезегинде журналистика кафедрасынын түптөлүшүнө жана калыптанышына Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси – Эсенгул Ибраев чоң салым кошкон 2005-жылдын 14-октябрында Чыгыш университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен журналистика кафедрасына Эсенгул Ибраевдин аты ыйгарылган.

Бүгүнкү күндө кафедра анын ысымын татыктуу алып жүрөт. Бир кезде бул кафедрада белгилүү режиссер жана кинооператор Нуртай Борбиев, КРдин эл артисти, теле режиссер Молдосейит Мамбетакуновдор эмгектенишкен.



Ошондой эле белгилүү журналисттер, коомдук ишмерлер менен мастер-класстар жана иштиктүү жолугушуулар да байма-бай уюштурулат.
    Алардын ичинен

  • Би-Би-Си каналынын кызматкери, журналист – Гүлнара Касмамбетова,

  • КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, теле академиянын академиги – Айсулуу Хамзамулина,

  • белгилүү журналисттер –Кубанычбек Эсенбаев, Клара Исакова,

  • «Кино баян» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Рита Казиева,

  • спорттук коментатор Кубан Атабеков, белгилүү диктор Чынара Капарова,

  • КТРКнын отличниги, Азаттык уктуруусунун журналистти – Али Токтакунов,

  • КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат редакциясынын кабарчысы Сүймөнкул Идирисов,

  • КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кинооператор Асан Айтикеев,

  • акын Рахат Жуманазарова,

  • акын Мирлан Самыйкожо ж.б. белгилүү журналисттер менен болгон мастер-класттар студенттердин теориялык алган билимин бекемдөө үчүн жакшы шарт түзөт.



Бүгүнкү күнү да Кыргызстандын ар кайсы ММКларында иштеген журналисттер менен тажрыйба алмашуу максатындагы кызматташуулар уланып, алар болочок журналисттерге практикалык жардамдарын беришүүдө. Учурда илимий ишмердүүлүк менен кафедранын окутуучулары түрдүү республикалык жана эл аралык деңгээлдеги илимий конференцияларга жигердүү катышып келүүдө.

Журналистика кафедрасы 2016-жылдын 1-сентябрынан тарта Э. Ибраев атындагы журналистика жана коом менен байланыш кафедрасы болуп аталды.


    Албетте, студенттерге терең билим берип, практикалык ыкмаларды үйрөтүүдө окутуучулардын курамы дагы чоң мааниге ээ. Ал курамга токтоло кетсек, окутуучулардын катарында:

  • Кафедра башчысы Егимбаева Сауле Кыргызбековна - филология илимдеринин кандидаты, доцент.
  • Джаманбаева Тамара Кусеиновна - Кыргыз эл артисти, СССРдин телевидениесинин отличниги, профессор.
  • Иманалиев Кайрат Олжобаевич - КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, КТРКнын отличниги, Т.Абдумомунов атындагы сыйлыктын ээси.
  • Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич - филология илимдердин доктору, профессор.
  • Жамалбекова Гульнур Асанбековна - доцент, Эл агартуунун отличниги.
  • Касымалиев Алмаз Талипович - доцент, КТРКнын отличниги.
  • Матмуратов Канатбек Абдуманапович – ага окутуучу
  • Баялиев Кубанычбек Шерикбаевич - окутуучу
  • Усонбаева Эльзана Усупжановна - окутуучу
  • Акматов Амантур - окутуучу

Назад...


© Copyright 2016, Международный Кувейтский Университет
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"