| | | | | | | | | |
        

Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

“ Манас болгонбу же жөн гана персонажбы?”
17.05.2018

“Манас болгонбу же жөн гана персонажбы?”

Бул суроого жооп алуу максатында уюштурулган жолугушуу кечеси болуп өттү. Жолугушууга коноктор, мугалимдер жана студенттер катышышты.

Колледждин студенттери тарабынан “Айкөл Манас” аттуу ыр ырдалып, бий бийленип кыргыз, араб, орус, дунган, англис тилдеринде Манасты сүйлөтүп, манасчылар келген конокторду таң калтырышты. Кыргыздын тарыхын, адабиятын, маданиятын жакындан тааныштыруу максатында атайын “Манас жаңырыгы” телерадио каналынын негиздөөчүсү “Манас” изилдөөчү, тележурналист Токтогазиев Темирбек Шүкүрбекович чакырылып, катышуучуларга кыргыздардын көптөгөн узак жана татаал жолунда өзүнүн эң негизги маданий мүлкү болгон поэзияны, кантсе да, оозеки түрдө кылымдан кылымга, муундан муунга өткөрүп сактап келгендигин жана улуу адабий мурасыбыз катары бааланган “Манас” эпосубуз буга далил экендигин айтып берди.

Жолугушууну Кесиптик орто билим берүү бөлүмү уюштурду.










Назад...


© Copyright 2016, Международный Кувейтский Университет
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"