|
“Эне тил тагдыры – эл тагдыры” 28.09.2018 |
|
|
25-сентябрда Эл аралык Кувейт университетинде мамлекеттик тил күнүнө карата “Эне тил тагдыры – эл тагдыры” аттуу салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Иш чарага КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев келип катышып, университеттин окутуучуларын Ардак грамотасы менен сыйлады.
Студенттер эне тил, кыргыз тили темасындагы ырларды көркөм окушту. "Манас" эпосунан үзүндүнү 3-курстун студенттери айтып беришти. Андан кийин студенттер Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынан үзүндүнү сахналаштырды.
Кечеде кыргыз элинин эмгек ырлары ырдалып, студенттер кыргыз бийин бийлешти.
|
|
|
|
|
|
|