|
Ректор А.С.Ормушев балдар жатаканасынын абалы менен таанышып чыкты. 02.10.2018 |
|
|
29-сентябрь күнү Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор А.С.Ормушев балдар жатаканасынын абалы менен таанышып чыкты.
Эл аралык Кувейт университетинин ректору менен бирге ЭКУнун окуу жана тарбия иштери боюнча биринчи проректору, профессор Д.Б.Бабаев, Илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор, профессор А.Э.Байсеркеев, тарбия иштер боюнча координатор, доцент А.Ш.Турдумамбетов, Административдик-чарба иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Н.М.Акылбековдор болушту.
Таанышуу алкагында Эл аралык Кувейт университетинин ректору А.С.Ормушев жатаканадагы жашаган студент балдар менен пикир алмашып, суроо-жооп иретинде маек болуп өттү.
Студенттик жатаканадагы бир катар чарбалык маселелерди чечүү үчүн Эл аралык Кувейт университетинин ректору А.С.Ормушев атайын жумушчу топ түзүлүп, жакынкы арада иштин башталарын баса белгиледи.
Ал эми студенттер Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор А.С.Ормушев баштаган жетекчиликтин атайын убакыт бөлүп жатаканадагы маселелер менен жакындан таанышууга келгендиктери үчүн терең ыраазычылык билдиришти.
|
|
|
|
|
|
|