Эл аралык Кувейт университетинин чоң жыйындар залында бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорун тапшыруу аземи болуп өттү 11.10.2018
11-октябрь күнү Эл аралык Кувейт университетинин чоң жыйындар залында бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорун тапшыруу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу кече Кыргыз Республикасынын жана Кувейт өлкөсүнүн Мамлекеттик Гимдери менен ачылып, алгачкы куттуктоо сөз Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор А.С.Ормушевге берилип, ал бүтүрүүчүлөргө бекем ден соолук, аманчылык жана даңгыр ак жол каалоо менен университетти артыкчылык менен бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорун тапшырды.
Салтанттуу кечеге Эл аралык Кувейт университетинин Окуу жана тарбия иштери боюнча биринчи проректору, профессор Д.Б.Бабаев, Илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор, профессор А.Э.Байсерекеев жана кафедра башчылар катышышты.
Бүтүрүүчүлөрдүн атынан журналистика адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган Олжобай уулу Райымбекке сөз берилип, ал Эл аралык Кувейт университетинде окуп билим алгандыгын сыймыктануу менен айтып, билим берген профессордук-окутуучулар жамаатына терең ыраазычылык билдирүү менен чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Салтанаттуу кече Эл аралык Кувейт университетинин Студенттик Мажлиси тарабынан даярдалган чакан концерт менен жыйынтыкталды.