|
“Эл аралык Кувейт университетинин студенттеринин каалоолорун
профессордук-окутуучулар жамааты орундатат” 16.11.2018 |
|
|
2018-жылдын 16-ноябрында Эл аралык Кувейт университетинин Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев атындагы Журналистика жана коом менен байланыш кафедрасынын 3-курсунда окушкан Ж(б)-1-16 группасынын студенттери жана аталган кафедранын окутуучусу Баялиев Кубанычбек Шерикбаевичтин демилгеси менен Эл аралык Кувейт университетинин студенттерин Эл аралык студенттер күнү менен куттукташып “Эл аралык Кувейт университетинин студенттеринин каалоолорун профессордук-окутуучулар жамааты орундатат” аттуу атайын майрамдык флешмоб өткөрүштү.
Флешмоб саат 11:20 – 11:40 чейин болгон тыныгуу учурунда университеттин эки окуу имаратынын ортосуна эң биринчилерден келген 20 студент үчүн кызыктуу белектер берилип, айрымдары университеттин ректорунун, проректорунун, декандын, тарбия иштери боюнча координаторунун жана кафедра башчылардын сыйлуу белектерине татышты.
|
|
|
|
|
|
|