|
“Эл аралык студенттердин күнү” 19.11.2018 |
|
|
2018-жылдын 19-ноябрында Эл аралык Кувейт университетинин чоң жыйындар залында “Эл аралык студенттердин күнүнө” карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Аталган майрамдык кечени алгач Эл аралык Кувейт университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Ормушев Асан Сулайманович ачып, студенттерди майрамы менен куттуктап окууларына ийгилик каалады.
Аталган иш-чарада Эл аралык Кувейт университетинин стдуденттерине 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы менен “Окуунун мыктысы”, “Таланттуу студент”, “Үлгүлүү студент”, “Араб тилинин мыктысы”, “Кыргыз тилинин мыктысы”, “Орус тилинин мыктысы”, “Мыкты староста”, “Мыкты группа”, “Жатакананын үлгүлүү жашоочусу”, “Жылдын мыкты спорт чебери” аттуу номинациялары тапшырылды.
Ошондой эле группа старосталарына бир жылга бекитилген күбөлүктөр, биринчи курстарга студенттик билеттер жана Старосталар кеңешинин башкы төрагасы Исмаилов Дастан биринчи курстардын старосталарынын төрагы Кадыров Гапарга билим ачкычын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Майрамдык кече Студенттик Мажлис тарабынан даярдаган концерттик программа менен уланып, кыргыз эстрадасынын жылдыздары Данияр Эрматов, Нурмат Садыров жана Аваз Акимовдордун аткаруусундагы ырлар менен коштолду.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|