|
Нурсеитова Сезим Нурсеитовна 23.11.2018 |
|
|
Нурсеитова Сезим Нурсеитовна
Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайлары Ассоциациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды
2018-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын Ассоциациясы биргеликте уюштурган форум болуп өттү. Иш-чарада жогорку окуу жайлардын азыркы күндөгү абалы жана ЖОЖдорду аккредитациядан өткөрүү боюнча маселелер каралды.
Аталган форумга Эл аралык Кувейт университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор А.С. Ормушев да катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Г.К.Кудайбердиева катышкан жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Сыйлыктардын катарында Эл аралык Кувейт университетинин Юриспруденция кафедрасынын методисти Нурсеитова Сезим Нурсеитовна окуудагы ийгиликтүү жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайлары Ассоциациясынын Ардак грамотасына татыды.
Форум өз ишин атайын Резолюциясын кабыл алуу менен жыйынтыктады.
|
|
|
|
|
|
|