|
Академик Сатар Ильясовго 110 жыл 23.11.2018 |
|
|
Академик Сатар Ильясовго 110 жыл
2018-жылдын 23-ноябрында Эл аралык Кувейт университетинин китепканасында тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР ИАнын академиги Сатар Ильясовдун 110 жылдыгына арналган атайын китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Аталган иш-чарага Эл аралык Кувейт университетинин окуу иштери боюнча биринчи проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Д.Б.Бабаев, илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.С. Байсеркеев китеп көргөзмөсүн ачышып, келген студенттерге академик Сатар Ильясов тууралуу чакан баяндама жасашты.
Сатар Ильясовдун 100 ашык илимий эмгектери Кыргызстандагы агрардык маселеге, кыргыздардын этнографиясын изилдөөгө арналган. Эл алдындагы эмгеги үчүн академик Сатар Ильясов “Эл достугу”, “Ардак белгиси” ордендери, ошондой эле Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери сыяктуу көптөгөн сыйлыктарга татыган.
|
|
|
|
|
|
|