|
“Ынтымак – мамлекеттүүлүктүн пайдубалы” 26.11.2018 |
|
|
2018-жылдын 26-ноябрында Кыргызстан Ислам университетинин Студенттик Кеңеши тарабынан уюштурулган “Ынтымак – мамлекеттүүлүктүн пайдубалы” аттуу чакан конференция болуп өттү. Конференцияны Кыргызстан Ислам университетинин тарбия иштери боюнча проректору Б.Ниязов ачып берди.
Андан соң конференцияны окуу жайдын ага окутуучусу У.Усупов жетектеп алып барды. Конференцияга И.Арабаев атындагы КМУнун, Эл аралык Кувейт университетинин, Туризм Академиясынын, И.Ахунбаев атындагы Медициналык академиясынын, К.Скрябин атындагы Агрардык университеттин, Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин активдүү студенттери катышты.
Эл аралык Кувейт университетинин Студенттик Мажлисинин пресс-катчысы Айдай Кучербаева аталган иш-чарада баяндама жасап, Ислам университетинин ректорунун ыраазычылык барагына ээ болду.
|
|
|
|
|
|
|