|
Кыргыз Республикасынын дипломатия күнү 29.11.2018 |
|
|
2018-жылдын 29-ноябрында Эл аралык Кувейт университетинин чоң жыйындар залында Кыргызстандын дипломатия күнү белгиленди. Иш-чараны университеттин ректору тарых илимдеринин доктору, профессор А.С.Ормушев ачты.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор, Рыскулов Ислан Абдыбачаевич, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Исаков Раат Исакович, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кеңешчиси, доцент Осмонова Асель Сайпидиновна, К.Карасаев атындагы БГУнун Чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер факультетинин профессору Танырыков Валимжан Танырыковичтер ардактуу мейман катары катышышты. Иш-чаранын расмий бөлүгүндө ЭКУнун ректору, профессор А.С.Ормушевди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кеңешчиси, полковник А.С.Осмонова эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн министрликликтин атайын медалы менен сыйлады.
Эл аралык мамилелер жана коомдук дисциплиналар кафедрасынын студенттери майрамдык программа тартуулашты. Алар Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастаны боюнча “Элчинин” сапаттары жөнүндө сахналаштырып жогорку актёрдук жана чечендик чеберчиликте кѳрсѳтүштү.
Концерттик программада Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Гүлүм Касымбаеванын жана Эл аралык мамилелер адистиги боюнча 2-курсунун студенти Нурмухаммедали Райкановдун жана Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин студенти Эрмек Дайырбековдун ыр белеги жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Латыпов Эрик Вильдановичтин жетекчилиги менен “Шаттык” үлгүлүү бийчилер тобунун атынан кыргыз бийи тартууланды.
Дипломатия күнүндѳ 1-курстар үчүн 2, 3, 4-курстар аларга символикалык билим ачкычын жана эстеликке белектерди тапшырышты. Майрамдык концерттин соңу студенттердин Кыргыз Республикасынын Желегин жана дипломатиялык мамиледеги ѳлкѳлѳрдүн желектерин кѳтѳрүп Кыргызтандын кѳп багыттуу дипломатиясын чагылдыруу менен аяктады.
|
|
|
|
|
|
|