|
“Айтматов ааламы” 05.12.2018 |
|
|
2018-жылдын 5-декабрында Эл аралык Кувейт университетинин Э.Ибраев атындагы Журналистика жана коом менен байланыш кафедрасынын демилгеси менен Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына каратата “Айтматов ааламы” аттуу Жогорку окуу жайлар аралык студенттик интеллектуалдык оюн болуп өттү.
Аталган иш-чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен “Аруузат”, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен “Дил азык”, Кыргызтан Ислам университетинен “Ак кеме”, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинен “Мурас” жана Эл аралык Кувейт университетинин атынан “Чыгыш чыгаандары” аттуу курама командалары катышышты.
Оюндун суроолору Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына арналып, калыстар тобунун төрагасы Эл аралык Кувейт университетинин Илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор А.Э. Байсеркеевдин калыстар тобунун мүчөлөрү ЭКУнун Гуманитардык билимдер факультетинин деканы, доцент Н.С.Сарыбаевдин, Тарбия иштери боюнча координатор, доцент А.Ш.Турдумамбетовдун, Э.Ибраев атындагы Журналистика жана коом менен байланыш кафедрасынын доценти Г.А.Жамалбекованын жана мейман катары келишкен Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору Ш.К.Аалиева менен И.Арабаев атындагы КМУнун ага окутуучусу К.К.Орокбаевалардын катышуусу менен өттү.
Оюндун жыйынтыгы боюнча Эл аралык Кувейт университетинин “Чыгыш чыгаандары” командасы 1-орунду, Ж.Баласагын атындагы КУУнун “Асылзат” командасы 2-орунду, К.Карасаев атындагы БГУнун “Мурас” командасы 3-орунду багындырышты.
|
|
|
|
|
|
|