| | | | | | | | | |
        

Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

Араб тили жумалыгы
17.12.2018


Эл аралык Кувейт университетинин Араб тили, лингвистика жана педагогика кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулар жамааты Араб тилинин жумалыгын өткөрүштү. Аталган иш-чаранын алкагында студенттик тайпалар арасында мелдештер болуп өттү.

Алсак, каллиграфия, араб тилиндеги ырларды көркөм окуу, интеллектуалдык оюндар, дебаттар жана “Тилдин маданиятты таратуудагы орду” сыяктуу тегерек стол, ошондой эле сахна өнөрү да уюштурулду. Жумалык 2018-жылдын 5-декабрынан, 14-декабрына чейин уланып, жумалык ичинде болуп өткөн мелдештердин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жыйынтыктоочу иш-чарада салтанаттуу тапшырылды.

Жумалыктын жыйынтыктоочу иш-чарасына Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Ормушев Асан Сулайманович, ЭКУнун окуу жана тарбия иштери боюнча биринчи проректору, профессор Бабаев Доолотбай Бабаевич, Илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Байсеркеев Аскар Эсенович, Гуманитардык билимдер факультетинин деканы, доцент Сарыбаев Нурлан Сатарович, “Смарт Дженерейшн” фондунун тарбия жана окуу иштери боюнча куратору Альшаркавий Ихаб Аль Саид Юсуф, “Араб тили, лингвистика жана педагогика” кафедрасынын башчысы, профессор Шехата Абделразик Абушуша, кафедранын профессорлору Елабдо Али Мохамед Халаф, Аль Зухейри Махмуд Исмаил Ибрахим кафедра башчылар, окутуучулар жана студенттер катышышты























Назад...


© Copyright 2016, Международный Кувейтский Университет
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"