Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

Кыргызстандын дипломатия күнү
9.11.2016


    Кыргызстандын дипломатия күнү

    2016-жылдын 9-ноябрында Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде Кыргызстандын дипломатия күнү белгиленди. Иш чараны университеттин ректору А.О.Ибраев ачты.

      Бул салтанаттуу иш чарага тѳмѳнкү коноктор чакырылды:

    • Кыргыз Республикасынын ыйгарым жана толук укуктуу элчиси - Саралинов Марат Уразалиевич
    • Кыргыз Республикасынын ыйгарым жана толук укуктуу элчиси - Сооданбеков Жумагул Сооданбекович
    • Кыргыз Республикасынын ыйгарым жана толук укуктуу элчиси - Рыскулов Ислан Абдыбачаевич
    • Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Ардактуу консулу - Узбеков Досмир Сатарович
    • «Колдонмо информатика, математика жана табигый илимдер» кафедрасынын башчысы, КРнын Казахстан Республикасындагы консулдугунун мурдагы Кеңешчиси.


    Алмаз Орозакунович тѳмѳнкүлѳрдү белгиледи:
    Кыргызстанда дипломатия кызматкерлеринин күнү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдагы 21-октябрындагы №689 Токтомуна ылайык 24-октябрынан бери кесиптик майрам катары белгиленет. Кыргыз дипломатиясы мамлекеттик саясаттын натыйжалуу инструменти болуп саналат. Даталуу окуяга чын жүрѳктѳн чыккан куттуктоолорду кабыл алып койуңуздар. Дипломатия күну Чыгыш университетинде биринчи жолу Эл аралык мамилелер адистигинин 1 жана 2-курстары үчүн белгиленди.Бул иш чара келечектеги эл аралык мамилелер жаатындагы адистер үчүн позитивдүү мааниге ээ.

    Эл аралык мамилелер жана коомдук дисциплиналар кафедрасынын студенттери майрамдык программа тартуулашты. Алар Россия императрицасы Екатерина II ге Ысык-Кѳл кыргыздарынын дипломатиялык миссиясын сценкалаштырып жогорку актёрдук жана чечендик чеберчиликте кѳрсѳттү.Программа кафедра башчысы Кофья Хамидовна Калимованын жетекчилиги астында даярдалган. Концерттик программада Японияда ѳткѳн эл аралык конкурста жеңүүчү болгон жаш ырчы Гүлүм Касымбаева кыргыз жана япон тилдеринде музыкалык куттуктоо арнады. Дипломатия күнүндѳ 1-курстарды студенттикке кабыл алуу менен 2-курстар аларга символикалык ачкыч жана эстеликке белектерди тапшырды. Майрамдык концерттин соңу студенттердин кыргыз Республикасынын Желегин жана дипломатиялык мамиледеги ѳлкѳлѳрдүн желектерин кѳтѳрүп Кыргызтандын кѳп багыттуу дипломатиясын чагылдыруу менен аяктады.







В концертной программе выступила с музыкальным поздравлением на кыргызком и японском языках победительница международного конкурса в Японии молодая певица Гүлүм Касымбаева.

Празднование Дня дипломатии завершилось посвящением студентов 1 курса в будущие дипломаты, во время которого второкурсники вручили им символический ключ и памятные подарки. Праздничное выступление закончилось красочным зрелищем, в котором студенты “МО и ОД” отразили многовекторную дипломатию Кыргызстана выносом национального флага Кыргызской Республики и флагов стран дипломатическго сотрудничества с нашей республикой.



Назад...


© Copyright 2016, Международный Кувейтский Университет
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"