| | | | | | | | | |
        

Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

“Катар дебат борбору”
12.04.2019


2019-жылы 15-марттан 20-мартка чейин Катар мамлекетинин Доха шаарында “Катар дебат борбору” тарабынан уюштурулган араб тилиндеги 5-Эл аралык биринчилик болуп өттү. Чемпионатка дүйнөнүн ар тарабынан келген 106 жогорку окуу жайларынан түзүлгөн командалар катышты.

16-март күнү чемпионаттын расмий ачылыш аземи өтүп, таймаш ушул күнү старт алды. Чемпионаттын жүрүшү эки категорияга бөлүнгөн. Биринчи категорияда араб тилдүү мамлекеттерден барган 69 команданын арасында оюн жүрдү, ал эми экинчи категория араб тилдүү эмес мамлекеттерден барган 37 командалардын ортосунда таймаш болду.

Ал эми Эл аралык Кувейт университетинен барган “Араб тили, линвистика” жана “Журналистика жана коом менен байланыш” кафедраларынын студенттеринен куралган топ экинчи категорияда оюн жүргүзүп, жыйынтыгында 37 команданын ичинен рейтинг боюнча 5-көрсөткүчкө жетишти.

Команданы даярдап, жетектеп барган: “Араб тили жана линвистика” кафедрасынын ага окутуучусу Конокбаев Нурсултан Төлөнмырзаевич

    Катышкан студенттер:
  • “Араб тили жана линвистика” кафедрасынын 3-курсунун студенттери: Кемелов Улукбек Качкынбаев Турдакун Умаров Мухамедали.
  • “Журналистика жана коом менен байланыш” кафедрасынын 2- курсунун студенти: Бийназаров Нурсултан.












Назад...





© Copyright 2016, Международный Кувейтский Университет
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"