|
«Акын Э. Ибраевдин кыргыз поэзиясындагы орду»
17.06.2019 |
|
|
2019-жылдын 17-июнь күнү Эл аралык Кувейт университетинде Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Эсенгул Ибраевдин чыгармачылыгына арналган «Акын Э. Ибраевдин кыргыз поэзиясындагы орду» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференция Э.Ибраевдин балдарга арналган «Көпөлөктөр бийи» китебинин араб жана өзбек тилдериндеги ырлар жыйнагынын бет ачаары менен башталды. Эл аралык Кувейт университетинин араб тили жана лингвистика кафедрасынын профессору, доктор Али Аль Абду (араб тилине которгон) жана КРнын жазуучулар Союзунун мүчөсү котормочу Ахмедов Бекжон (өзбек тилине которгон) сөз сүйлөштү.
Ахмедов Бекжон бул китептердин Таджикстанда жана Өзбекстанда дагы чыгарыла турганын бул иш Өзбекстан жазуучулар кеңенишинин планына киргиздендигин айтып кетти. Бул жетишкендик үчүн КРнын Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Иманалиев К.О. жана Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары – Кадракулов К. куттукташты. Ал эми өзгөчө коногубуз бул Э.Ибраевдин жубайы Саткын Ибраева болду.
Андан соң баяндамачыларга кезек берилди. БАЯНДАМАЧЫЛАР:
1 «Э.Ибраев Эгемендүүлүктүн трибун акыны» -
филология илимдеринин доктору, профессор Үкүбаева Л.
2 «Э.Ибраев жана кыргыз сатира классиктери» –
филология илимдеринин доктору, профессор Мамбеталиев К.
3 «Э.Ибраевдин балдарга арналган ырлары» -
Кыргыз эл акыны Асаналиев Б.
4. «Э. Ибраевдин чыгармачылыгы жөнүндө» - «Кут билим» гезитинин башкы редактору Чекиров К.
Иш-чараны Эл аралык Кувейт университетинин Э.Ибраев атындагы журналистика кафедрасы уюштурду.
|
|
|
|
|
|
|