| | | | | | | | | |
        

Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69
e-mail:
ikurectorat@gmail.com

Дүйнөлүк eTurn форуму
03.07.2019

Дүйнөлүк eTurn форуму

Уюштурулду: Иордания Xашимит Падышачылыгынын борбору Амман шаары
Уюштурулган күнү: 27.06.2019-ж.

Тема: «Салттуу билим берүүдө жана араб тили эне тили деп эсептелбегендерге араб тилин үйрөтүүдөгү чыгармачылык ойлор» «Араб тилин үйрөтүүдө өз салымдарын кошкон 100 инсанды сыйлоо».

Уюштуруучу: Араб тили эне тили деп эсептелбегендерге араб тилин үйрөтүү боюнча эл аралык eTurn кеңеши. Баяндамалар бир жыйнакка тиркелет.

Бул документ Америкадагы Эл аралык нормалар уюму тарабынан Эл аралык ырастоо мыйзамына ылайык корголот. Мамлекеттик үлгүдө салттуу билим берүү боюнча иш алып барууда Эл аралык Кувейт университети үлгү боло алгандыгын эскерип өттүм. Бул окуу жай КРде билим берүү тармагынын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизди.

Эл аралык Кувейт университетинин араб тили, лингвистика жана педагогика кафедрасынын профессордук - окутуучулар жамааты тарабынан араб тили эне тили деп эсептелбегендер үчүн даярдалган араб тили китеби араб тилин үйрөтүүдө мыкты үлгү боло алгандыгын жана студенттердин интеллектуалдык деңгээлин, дүйнө таанымын, компетенттүүлүгүн жогорулатууда чоң салым кошкондугун билдирдим.

Форумга Индия, Кувейт мамлекеттеринен, Кытай эл Республикасынан, Бириккен Араб Эмиратынан, Сауд Араб падышачылыгынан жана Армения, Тунис , Ливан, Ирак Республикаларынан окумуштуулар катышышты.

Форумга Кувейт мамлекетинен келген окумуштуулар Кыргыз Республикасында жайгашкан Эл аралык Кувейт университетинин ийгиликтерин укканда жана университет алардын мамлекетинин аты менен аталгандыгы үчүн өтө сыймыктанышты.

Д. Кайс Аль-Хумууд







Назад...





© Copyright 2016, Международный Кувейтский Университет
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"