2016-ж. ЖОЖдор аралык математикалык олимпиада. 16.12.2016
16-декабрда Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети «Колдонмо информатика, математика жана табигый дисциплиналар» кафедрасынын демилгеси менен жыл сайын математика боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада өткөрүлөт. Олимпиада жогорку окуу жайларынын 1-курстар арасында өткөрүлөт.
Олимпиадага Ж.Баласагын ат. КУУнун, И.Арабаев ат. КМУнун жана Чыгыш университетинин студенттери катышты.
Студенттерге 5 тапшырма берилди. Калыстар тобу эрежеге ылайык ар бир тапшырмага өзүнчө балл коюушту.
Математикалык олимпиаданын негизги максаты болуп: математиканы үйрөнүүдө студенттердин кругозорун кеңейтүү жана кызыгуусун өстүрүү.