| | | | | | | | | |
        


Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

Мастер-класс: «Куурма-чай жана калама»
08.12.2017


8-декбарь 2017-жылы Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде Жаңыбаева Алтын Ишеновна куурма-чай жана калама жасоо боюнча мастер-класс өткөрдү. Ага 1-2-3-курстун студенттери жана үч проректор катышты.

Биз жасалышын гана эмес, куурма-чай жана калама жасала турчу продуктуларды көрдүк. Алтын эжебиз бул чай даярдала турчу идишти жана аны иче турган жыгачтан жасалган кооз формадагы чыныларын көрсөттү. Ошондой эле бул чайды кайсы учурда ичиш керек экендигин түшүндүрүп берди.

Куурма-чай сүт менен кофе сыяктуу жагымдуу жыты бар, пайдалуу жана кооз. Баарыбыз жана ректор профессорубуз Ибраев Алмаз Орозакунович болуп куурма-чайды тамшануу менен ичтик. Ошондой эле кыргыздардын 58 улуттук тамагы бар экенин билип аябай таң калдык.

Биз Жаңыбаева Алтын эжебиз менен 2018-жылы кайрадан жолугуп, жупка жасаганды үйрөнөлү деп макулдаштык.










Назад...


© Copyright 2016, Международный Кувейтский Университет
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"