|
“ЭЛ АКЫНЫ ЭСЕНГУЛ” 03.05.2018 |
|
|
Журналистика кафедрасынын түптөлүшүнө жана калыптанышына Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси – Эсенгул Ибраев чоң салымын кошкон. 2005-жылдын 14-октябрында Чыгыш университетинин Окутуучулар кеңешинин чечими менен журналистика кафедрасына Эсенгул Ибраевдин аты ыйгарылган. Бүгүнкү күндө кафедра анын ысымын татыктуу алып жүрөт.
Жаштарыбыздын руханий байлыгын өстүрүү жана улуттук биримдикти чыңдоо максатында Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Э.Ибраевдин 85 жылдык мааракесине арналган “ЭЛ АКЫНЫ ЭСЕНГУЛ” аттуу орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасындагы Республикалык сынак өткөрүлдү.
Сынак 2018-жылдын 25-апрелде башталып, 27-апрелде жыйынтыкталды. Сынакта Э.Ибраевдин сөзүнө жазылган обондуу ырларды аткаргандыгы үчүн “Мыкты аткаруучу” Э.Ибраевдин сатиралык чыгармаларынын негизинде даярдалган “Мыкты сценка” Э.Ибраевдин чыгармаларынан “Көркөм окуу” номинацияларынын жеңүүчүлөрүнө кызыктыруучу сыйлыктар, жана грамоталар тапшырылды
Сынактын жүрүшүндө 25-26-апрель күндөрү калыстар тобу тандоо турун өткөрүшүп татыктууларды тандаса, ал эми 27-апрелде жыйынтыктоо аземи болуп, министрликтин өкүлдөрү, Чыгыш университетинин администрациясы, атайын чакырылган коноктор менен биргеликте жыйынтыкталып соңуна чыкты.
Сынакка республиканын жети областынан 30 мектептен 80 окуучу жана 25 мектеп мугалимдери катышкандыгы сүйүндүрдү.
|
|
|
|
|
|
|