+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  عنوان البريد الإلكتروني هذا محمي من روبوتات السبام. يجب عليك تفعيل الجافاسكربت لرؤيته.

УНИВЕРСИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ ТААЗИМ!!!

Эл аралык Кувейт университетинде Кыргыз Республикасынын 2024-2025-окуу жылына карата Жогорку окуу жайлар аралык спорттук универсиадага катышып байгелүү келишкен жаш спортчу студенттерди жана алардын машыктыруучуларына салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Куттуктоо сөзү менен чыккан Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Аскарбек Эсенович Байсеркеев  мелдештерде намысын коргогон мыкты жаш спортчуларды тарбиялоодо зор салым кошкон машыктыруучу окутуучуларга студенттердин  байгелүү келишине талыкпаган эмгек жумшагандыктарын баса белгилеп,  жеке өзүнүн жана окуу жайдын жалпы профессордук-окутуучулар жамаатынын атынан ыраазычылык билдирүү менен иштерине чыгармачылык ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады. Ал эми университеттин намысын коргоп, спорттук оюндарда өзүлөрүнүн мыктылыгын көрсөткөн жаш спортчу студенттерге мындан кийинки мелдештерде да алдыңкы байгелүү орундарга ээ болуп, окуу жайыбызга гана эмес республикага, дүйнөгө таанымал Ата Мекенин чын дилден сүйгөн спортчулардан болушуна тилектештигин билдирди.

Ошондой эле Араб филологиясы кафедрасынын башчысы, доктор, профессор Фадлаллаха Абдулраззак Мохаммад  Катран дагы өз куттуктоо сөзүндө сыймыктуу спортчулар менен машыктыруучуларына кең келечек жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын көркү болгон спортчуларды Эл аралык Кувейт университетинин жалпы жамааты кызыл килем үстүндө тосуп алып, аларга баалуу белектер жана ректордун атынан ыраазычылык барагы тапшырылып, окуу жайдын таланттуу студенттеринин ыр белеги менен жыйынтыкталды.

       

 

 

 

 

Другие интересующие посты от iku.kg