“Кыргызстандын дипломаттары” коомдук бирикмеси кеңешинин Төрайымы, Кыргыз Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри, СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу 1-класстагы кенже Элчиси, “Манас” орденинин кавалери, Туменбаева Жаңыл Туменбаевнага Кыргыз дипломатиясына кошкон зор салымы үчүн окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Эл аралык Кувейт университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.
Жаңыл Туменбаевна 2023-жылдан бери Эл аралык Кувейт университетинин “Эл аралык мамилелер” кафедрасынын алдындагы “Дипломаттар клубунда” келечек жаш дипломаттарга кызыктуу лекцияларын тартуулап келет. “Эл аралык мамилелер” багытында билим алып жатышкан студенттер үчүн профессор Жаңыл Туменбаеванын өрнөктүү өмүрү, берген билими жана тарбиясы баа жеткис байлык болуп эсептелет.
![]() |