+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

“Келечектүү коом жаштары” тренерлер мектеби

Эл аралык Кувейт университетинде эки жылдан бери уюштурулуп келе жаткан “Келечектүү коом жаштары” тренерлер мектебинин окуу жайдагы бардык даярдоо багыттарындагы билим алып жатышкан старосталарынын билимин жогорулатууга жана лидерлик жөндөмдөрүн өркүндөтүү максатында атайын  курстары өз ишин аяктады.  Бир ай убакыт аралыгында тайпа старосталары адеп-ахлак, Ата Мекендин тарыхы, кыргыз элинин маданияты, мамлекеттик тил, психология, дүйнөлүк экономика жана статистика, бизнес, азыркы учурдагы экология маселелери, дипломатия, укук, азыркы учурдагы интеллигенциянын коомдогу орду, лидерлик сапаттар тууралуу кенен маалыматтарга жана көндүмдөргө ээ болушту. Сабактар интерактивдүү усулдар менен коштолуп, талкуу жана өз ара кызыктуу диалог менен коштолду.

Тренерлер мектебинде Эл аралык Кувейт университетинин профессордук-окутуучулар курамынан жана конок лекторлор атайын чакырылып студенттерге билимин тартуулашты. Айрым сабактар алыскы өлкөлөрдөн online форматында атайын Zoom программасы аркылуу өтүлдү. Курстар өз ишин аяктап студенттер 72 сааттык билимдерин аныктаган тастыктамалары менен, ал эми  лекторлор ректордун атайын ыраазычылык барактары менен сыйланышты.

Эл аралык Кувейт университетинин  студенттери үчүн “Келечектүү коом жаштары” тренерлер мектебинин группа старосталарынын лидерлик жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүүгө арналган  72 сааттык  курсуна зор салым кошкон лекторлор:

  1. Аалиева Ширин Карыбековна – ЭКУнун “Социалдык-гуманитардык, табигый дисциплиналар” кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, философия илимдеринин кандидаты;
  2. Аламанов Саламат Күлөмбекович – Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси, профессор, география илимдеринин кандидаты;
  3. Бейшеева Бактыгүл Кубатбековна – ЭКУнун Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн психологу, Казакстан Республикасынын Аймактык башкаруу академиясынын “Социалдык илимдер” боюнча доценти;
  4. Болджурова Ишенгуль Садыковна – Кыргыз Республикасынын мурдагы Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, профессор, педагогика илимдеринин доктору;
  5. Босумбаева Чынара Джоомартовна – ЭКУнун “Юриспруденция” кафедрасынын ага окутуучусу, Кыргыз Республикасынын “Юристер бирикмесинин” ардактуу мүчөсү;
  6. Жамалбекова Гүлнур Асанбековна – ЭКУнун “Социалдык-гуманитардык, табигый дисциплиналар жана дене тарбия” кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси;
  7. Маденов Аскер Дурусбекович – ICON.KG куруш компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  8. Нуралиев Марат Абдыкеримович – Кыргыз Республикасынын мурдагы Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары, Азыркы мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Эл аралык Кувейт университетинин алгачкы сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн бири;
  9. Таирова Нурмира Шайыбековна - Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин жубайы, Эл аралык Кувейт университетинин Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин тажрыйбалуу мурдагы кызматкери;
  10. Токторбаева Калина Авлабековна – ЭКУнун “Экономика жана менеджмент кафедрасынын” профессору, экономика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишине эмгек сиңирген тажрыйбалуу адиси;
  11. Шалпыков Канатбек Абдыкаимович – ЭКУнун “Экономика жана менеджмент кафедрасынын” доценти, экономика илимдеринин кандидаты. “Кыргыз Кредит Банк” ААКнун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын банк иштери, экономика жана каржы маселелери боюнча тажрыйбалуу адиси.

Другие интересующие посты от iku.kg