+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

“Келечектүү коом жаштары” тренерлер мектеби

Эл аралык Кувейт университетинде эки жылдан бери уюштурулуп келе жаткан “Келечектүү коом жаштары” тренерлер мектебинин окуу жайдагы бардык даярдоо багыттарындагы билим алып жатышкан старосталарынын билимин жогорулатууга жана лидерлик жөндөмдөрүн өркүндөтүү максатында атайын  курстары өз ишин аяктады.  Бир ай убакыт аралыгында тайпа старосталары адеп-ахлак, Ата Мекендин тарыхы, кыргыз элинин маданияты, мамлекеттик тил, психология, дүйнөлүк экономика жана статистика, бизнес, азыркы учурдагы экология маселелери, дипломатия, укук, азыркы учурдагы интеллигенциянын коомдогу орду, лидерлик сапаттар тууралуу кенен маалыматтарга жана көндүмдөргө ээ болушту. Сабактар интерактивдүү усулдар менен коштолуп, талкуу жана өз ара кызыктуу диалог менен коштолду.

Тренерлер мектебинде Эл аралык Кувейт университетинин профессордук-окутуучулар курамынан жана конок лекторлор атайын чакырылып студенттерге билимин тартуулашты. Айрым сабактар алыскы өлкөлөрдөн online форматында атайын Zoom программасы аркылуу өтүлдү. Курстар өз ишин аяктап студенттер 72 сааттык билимдерин аныктаган тастыктамалары менен, ал эми  лекторлор ректордун атайын ыраазычылык барактары менен сыйланышты.

Эл аралык Кувейт университетинин  студенттери үчүн “Келечектүү коом жаштары” тренерлер мектебинин группа старосталарынын лидерлик жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүүгө арналган  72 сааттык  курсуна зор салым кошкон лекторлор:

  1. Аалиева Ширин Карыбековна – ЭКУнун “Социалдык-гуманитардык, табигый дисциплиналар” кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, философия илимдеринин кандидаты;
  2. Аламанов Саламат Күлөмбекович – Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси, профессор, география илимдеринин кандидаты;
  3. Бейшеева Бактыгүл Кубатбековна – ЭКУнун Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн психологу, Казакстан Республикасынын Аймактык башкаруу академиясынын “Социалдык илимдер” боюнча доценти;
  4. Болджурова Ишенгуль Садыковна – Кыргыз Республикасынын мурдагы Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, профессор, педагогика илимдеринин доктору;
  5. Босумбаева Чынара Джоомартовна – ЭКУнун “Юриспруденция” кафедрасынын ага окутуучусу, Кыргыз Республикасынын “Юристер бирикмесинин” ардактуу мүчөсү;
  6. Жамалбекова Гүлнур Асанбековна – ЭКУнун “Социалдык-гуманитардык, табигый дисциплиналар жана дене тарбия” кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси;
  7. Маденов Аскер Дурусбекович – ICON.KG куруш компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  8. Нуралиев Марат Абдыкеримович – Кыргыз Республикасынын мурдагы Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары, Азыркы мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Эл аралык Кувейт университетинин алгачкы сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн бири;
  9. Таирова Нурмира Шайыбековна - Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин жубайы, Эл аралык Кувейт университетинин Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин тажрыйбалуу мурдагы кызматкери;
  10. Токторбаева Калина Авлабековна – ЭКУнун “Экономика жана менеджмент кафедрасынын” профессору, экономика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишине эмгек сиңирген тажрыйбалуу адиси;
  11. Шалпыков Канатбек Абдыкаимович – ЭКУнун “Экономика жана менеджмент кафедрасынын” доценти, экономика илимдеринин кандидаты. “Кыргыз Кредит Банк” ААКнун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын банк иштери, экономика жана каржы маселелери боюнча тажрыйбалуу адиси.

"Бизге жеңиш тартуулаган аталарга таазим"

   2025-жылдын 22-апрелинде Эл аралык Кувейт университетинин профессорлору Кармышакова Зинат Сатындиевна менен Аалиева Ширин Карыбековналардын жетекчилиги алдында Эл аралык Кувейт университетинин 25 жылдык мааракесине, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Бизге жеңиш тартуулаган аталарга таазим» аттуу тарбиялык-патриоттук иш-чара өткөрүлдү.

   Иш-чара университеттин Катар жыйындар залында салтанаттуу ачылыш аземи менен башталып, куттуктоо сөздөр айтылды. Алгач сөз сүйлөгөндөрдүн катарында филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Эл аралык Кувейт университетинин окуу иштери жана илим боюнча проректору Ибраев Алмазбек Дүйшөкович, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы Чекиров Кубанычбек Макешович, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, ЭКУнун профессору Абласов Күмөн Жолдошбаевич чыгып, иш-чаранын тарбиялык жана тарыхый маанисине токтолушту.

         

    Андан соң иш-чаранын негизги бөлүгү башталып, ЭКУнун 2-курсунун студенттери жана көргөзмөнүн уюштуруучусу, философия илимдеринин кандидаты, профессор Ш.К. Аалиева тарабынан даярдалган «Жеңишти эскерүү» аттуу сүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү көрсөтүлдү. Көргөзмөдө Улуу Жеңиштин тарыхына, фронттук окуяларга жана согуштагы кыргыз баатырларына арналган ар түрдүү сүрөттөр жана кол өнөрчүлүк буюмдар коюлду.

   Калыстар тобу көргөзмөдөгү иштердин темага дал келүүсүн, чыгармачылык ыкмасын, оригиналдуулугун, аткаруу чеберчилигин жана идеянын тереңдигин баалап, мыктыларды I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйлашты.

    Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык концерт өткөрүлдү. Бул концерттик программа филология илимдеринин кандидаты, профессор З.С. Кармышакова тарабынан жогорку деңгээлде даярдалып, ага 1- жана 2-курс студенттери тартылды. Концертте «Фронттон кат» аттуу фронттук каттарды көркөм окуу, «Коштошуу бийи» сыяктуу патриоттук бийлер, согуш жана Жеңиш тууралуу ырлар, эскерүү монологдору жана поэтикалык чыгармалар көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты.

     Иш-чара соңунда активдүү катышкан студенттерди сыйлоо аземи өткөрүлүп, дипломдор жана ыраазычылык каттар Эл аралык Кувейт университетинин Социалдык-гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.А.Максутова тарабынан тапшырылды. Андан соң жалпы катышуучулар менен бирге эскерүү сүрөткө түшүү менен иш-чара жыйынтыкталды.

    Бул иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын жана Эл аралык Кувейт университетинин 25 жылдыгын урматтоо максатында өтүп, студенттер үчүн мекенге болгон сүйүүнү арттырып, ата-бабалардын эрдигин баалоого түрткү берген маанилүү тарбиялык саамалык болду.

 

 

«МЕНИН ТАНДООМ – ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИ»

           «МЕНИН ТАНДООМ – ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИ» аталыштагы 

“АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ”

2025-жылдын 29-апрелинде Эл аралык Кувейт университетинде “Ачык эшиктер күнү” мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү максатында өткөрүлдү. Иш-чарада окуу жайдын жогорку кесиптик билим берүү бөлүмүнүн жана колледжинин билим жарманкеси тартууланды.

“Ачык эшиктер күнүнө” карата мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Менин тандоом – Эл аралык Кувейт университети»  аттуу маданий иш-чара Студенттик мажлис тарабынан жогорку деңгээлде абдан кызыктуу уюштурулду. Кесипке багыт берүү максатында өткөрүлгөн салтанатта мектеп бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер конок катары чакырылган мектеп мугалимдери окуу жай жөнүндө жана андагы билим берүү программалары тууралуу суроолоруна жооп ала алышты.

 

       

«УҢГУЖОЛ – БИРИМДИКТИН БАШАТЫ ЖАНА УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИ»

«УҢГУЖОЛ – БИРИМДИКТИН БАШАТЫ ЖАНА УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИ»
АТТУУ ЖАШ ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨР, АСПИРАНТТАР, МАГИСТРАНТТАР ЖАНА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
2025-жылдын 23-апрелинде Эл аралык Кувейт университетинде «Уңгужол – биримдиктин башаты жана улуттун келечеги» аттуу жаш изилдөөчүлөр, аспиранттар, магистранттар жана студенттер үчүн жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 ПЖ Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында жана Эл аралык Кувейт университетинин 25 жылдык мааракесине арналган.
Конференциянын негизги максаттары төмөнкүлөр болду:
• Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу;
• Коомдун туруктуу өнүгүшүндөгү улуттук биримдиктин маанисин изилдөө;
• Улуттар аралык ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзүүчү факторлорду талдоо;
• Көп маданияттуу чөйрөдө өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну өнүктүрүү жолдорун кароо;
• Коомдогу туруктуулукту жана биримдикти чыңдоого багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
• Биримдиктин улуттун гүлдөп-өсүшүнө жана туруктуу өнүгүшүнө тийгизген таасирин баалоо.
Иш-чараны Эл аралык Кувейт университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Байсеркеев Аскарбек Эсенович ачып берип, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Конференциянын модераторлук милдетин университеттин Тарбия иштери, эл аралык байланыштар жана мамлекеттик тил боюнча проректору, Казакстан Республикасынын Аймактык менеджмент академиясынын корреспондент-мүчөсү, доцент Турдумамбетов Акылбек Шайымкадырович аткарды.

       


Пленардык жыйын учурунда өлкөнүн илимий чөйрөсүндө таанымал жана тажрыйбалуу окумуштуулар «Уңгужол» концепциясынын мазмунун терең жана ар тараптуу ачып берген таасирдүү баяндамалар менен чыгышты. Алар өз тармактарындагы илимий көз караштарын ортого салып, улуттук биримдик, тарыхый баалуулуктар жана илим-билимдин коомдук өнүгүүдөгү орду жөнүндө маанилүү ойлорду билдиришти. Пленардык жыйында баяндамалар менен Кайыпов Сулайман Турдуевич – адабиятчы-фольклорист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич – филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кубатова Аида Эсенгуловна – тарых илимдеринин кандидаты, ага илимий кызматкер, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы, Карасартова Чынара Жумашевна – тарых илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доценти, Ибраев Алмазбек Дүйшөкович – Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Эл аралык Кувейт университетинин окуу иштери жана илим боюнча проректору, Чекиров Кубанычбек Макешович – физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Кармышакова Зыйнат Сатындиевна – филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы сыяктуу тажрыйбалуу жана белгилүү илимпоздор чыгып сүйлөштү. Алар өз баяндамаларында “Уңгужол” концепциясын ар тараптуу талдап, улуттук биримдиктин, тарыхый мурастын жана илим-билимдин коомдук өнүгүүдөгү ордун терең жана мазмундуу ачып беришти.
Секциялык иштер башталганга чейин меймандар үчүн салттуу чай-боорсок уюштурулуп, андан соң төмөнкү секциялар боюнча иш алып барылды:
1. «Татыктуу тарбия, сапаттуу билим жана илим – өлкөнүн жаркын келечегинин негизи»;
2. «Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана кыргыз элинин баалуулуктарын көп маданияттуу чөйрөдө жайылтуу».

     


Секциялык иштерди Эл аралык Кувейт университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, философия илимдеринин кандидаты Ширин Карыбековна Аалиева жана Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төш белгисинин ээси, доцент Гүлнур Асанбековна Жамалбековалар алып барышты.
Конференцияга Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынан – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинен, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан, И.Арабаев атындагы КМУдан, И.Раззаков атындагы КМТУдан жана анын Тоо-кен технологиялык колледжинен, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинен, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинен жана Шопоков шаарындагы Тилдер жана маданият институтунан келген студенттер, магистранттар жана аспиранттар терең мазмундуу баяндамалары менен активдүү катышышты.
Иш-чаранын соңунда мыкты баяндамалардын авторлору I, II жана III даражадагы дипломдор менен сыйланышып, катышуучуларга, алардын илимий жетекчилерине жана уюштуруучуларга тастыктамалар жана ыраазычылык каттары тапшырылды.


Конференциянын жыйынтыгында илимий сунуштар менен идеяларды камтыган атайын резолюция кабыл алынды. Аталган резолюцияда «Уңгужол» концепциясын андан ары өнүктүрүү, илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана жаш муундун улуттук биримдикке болгон таасирин тереңдетүү багытында сунуштар белгиленди. Бул документ катышуучу жогорку окуу жайларга жана тиешелүү мекемелерге расмий түрдө жиберилмекчи.

Гостевая лекция на тему: «Криминологическая характеристика и профилактика преступлений среди несовершеннолетних»

«Криминологическая характеристика и профилактика преступлений среди несовершеннолетних»

Со студентами Международного Кувейтского университета проведена гостевая лекция на тему: «Криминологическая характеристика и профилактика преступлений среди несовершеннолетних».

Лекторы:

- начальник ИДН Свердловского РУВД города Бишкек, подполковник милиции Акбашев Нурбек Эрикович;

- инспектор ИДН Свердловского РУВД города Бишкек, лейтенант милиции Тилектеш кызы Толгонай.