+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Кувейт мамлекетинин Улуттук күнү белгиленди

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Эл аралык Кувейт университети тарабынан уюштурулган Кувейт мамлекетинин Улуттук күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарага Эл аралык Кувейт университетинин профессордук окутуучулар жамааты, студенттер жана бүтүрүүчүлөр катышты.

Арслан Койчиев өз куттуктоо сөзүндө Кувейт мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана гуманитардык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи. Ал өзгөчө билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жана Эл аралык Кувейт университетинин ролун жогору баалады.

Сөзүнүн жүрүшүндө Арслан Койчиев университеттин тарыхый миссиясына токтолуп, анын буга чейинки аталышы кыргызстандык улуу тилчи-окумуштуу жана түрколог Махмуд Кашгари-Барсканинин ысымы менен байланышканын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу ал улуу мурас – “Диван-лугат-ат-Түрк” (“Түрк тилдер жыйнагы”) эмгегин кыргызча которуп арабча-кыргызча форматта басып чыгаруу демилгесин сунуштады.

Аталган сунушту университеттин жетекчилиги туура деп кабыл аларын билдирди. Бул демилге түрк тилдеринин тарыхый мурасын терең изилдөөгө жана кыргыз-араб маданий алакаларын чыңдоого багытталары айтылды.

       

Урматтуу абитуриент, Сиз абдан чоң тандоонун астында турасыз!

Анткени, бул олуттуу тандоо, бул чоң чечим болот. Эртеңки жашооңуздун багыты, мамлекет менен коомго карата салымыңыз, келечек тагдырыңыз ошол тандоодон көз каранды. Урматтуу абитуриент, Эл аралык Кувейт университети – Сиздин ишенимдүү келечегиңиздин ордосу болуп берүүгө даяр! Эл аралык Кувейт университети – кайсы гана кесипти тандабаңыз, СИЗ үчүн дүйнөлүк стандартка дал келген жана салмактуу мамлекеттик кызматтарда жана эл аралык компанияларда иштей алууга жөндөмдүү, араб жана англис тилдерин мыкты билген адис болууга шарт түзөт! Биз даярдаган адистердин мамлекетибиздин экономикасынын өсүүсүнө жана эл аралык деңгээлге татыктуу чыгуусу үчүн орду маанилүү экендигин сыймыктануу менен белгилегибиз келет. Окуу жайыбызда заманбап санарип техникалар менен жабдылган окуу корпустары, практикалык курстар үчүн лабороториялар, лигафондук кабинеттер, спорт, маданият, окуу залдары, мыкты китепканалар, бардык шарттары бар медиа борборлор студенттер үчүн кызмат кылат.

Биз таланттуу, активдүү аракеттеги, максаты бар, мамлекетибиздин экономикасына ар тараптан салым кошууну, өлкөбүздүн келечек багытын колуна алууну каалаган жаштарды Эл аралык Кувейт университетинен күтөбүз!

 

 

СЫЙЛЫГЫҢЫЗ КУТТУУ БОЛСУН!

Кыргыз Республикасынын  илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Ормушев Асан Сулайманович Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө жана илимине кошкон зор салымы үчүн “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” юбилейлик белгиси менен сыйланды.

Эл аралык Кувейт университетинин жалпы профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери Асан Сулаймановичтин алган сыйлыгына абдан  кубануу менен агайга бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалашат!

 

“АРДАКТУУ ПРОФЕССОР” НААМЫ КУТТУУ БОЛСУН!

“Кыргызстандын дипломаттары” коомдук бирикмеси кеңешинин Төрайымы, Кыргыз Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри, СССРдин Атайын  жана Ыйгарым укуктуу 1-класстагы кенже Элчиси, “Манас” орденинин кавалери,         Туменбаева Жаңыл Туменбаевнага  Кыргыз дипломатиясына кошкон зор салымы үчүн окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Эл аралык Кувейт университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

Жаңыл Туменбаевна 2023-жылдан бери Эл аралык Кувейт университетинин “Эл аралык мамилелер” кафедрасынын алдындагы “Дипломаттар клубунда” келечек жаш дипломаттарга кызыктуу лекцияларын тартуулап келет. “Эл аралык мамилелер” багытында билим алып жатышкан студенттер үчүн профессор Жаңыл Туменбаеванын өрнөктүү өмүрү, берген билими жана тарбиясы баа жеткис байлык болуп эсептелет.

 

 

 

 

 

“УҢГУЖОЛ — ЖАШТАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ЖАНА БИРИМДИГИ”

     Эл аралык Кувейт университетинде “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун жүзөгө ашыруунун алкагындагы “Уңгужол — жаштардын келечеги жана биримдиги” аттуу Эл аралык Кувейт университетинин 25 жылдыгына арналган ЖОЖдордун студенттери үчүн уюштурулган кереге кеңеш болуп өттү. 

     Кереге кеңеште элибиздин улуулугу, жаштарын табиялоодогу даанышмандыгы, билим алуу менен илим изилдөөдөгү келечек муундун орду, биримдиги, келечеги сыяктуу окулган жана кызуу талкуу жараткан кызыктуу баяндамалардын ээлерине жана иш-чаранын жигердүү катышуучуларына атайын тастыктамалар тапшырылды.