+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Кыргызстандын мыкты студенти – 2024» сыйлыгы куттуу болсун!

Эл аралык мамилелер кафедрасынын 4-курсунун студенти Абасбеков Белек «Кыргызстандын мыкты студенти – 2024» сыйлыгына ээ болду. 

Бүгүн аталган сыйлыкты Эл аралык Кувейт университетинин Окуу иштери жана илим боюнча проректору, доцент Алмазбек Дүйшөкович Ибраев салтанаттуу тапшырып жатып, Абасбеков Белектин окууларына ийгиликтерди каалоо менен, дагы бийиктиктерди багынта беришине тилектеш экенин билдирди.

 

Меморандума о сотрудничестве Международного Кувейтского Университета и со стейкхолдерами ОАО «Айыл банк»

В рамках формирования экономических компетенций студентов и на кафедре «Экономики и менеджмента» состоялось подписание Меморандума о сотрудничестве Международного Кувейтского Университета и со стейкхолдерами ОАО «Айыл банк» с присутствием преподавателей и студентов.

Где в дальнейшем с целью повышения финансовой грамотности по нейтрализации рисков в деятельности субъектов хозяйствования «Айыл банк» провел открытый урок со студентами ВПО и СПО по направлению «Экономика» и «Менеджмент».

 

                        

                                                                              

Алган сыйлыктарыңыздар куттуу болсун!

Эл аралык Кувейт университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумунда көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн ЭКУнун Окуу иштери жана илим боюнча проректору Алмазбек Дүйшөкович Ибраев  Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, ЭКУнун кеңсе башчысы, Эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Динара Орозбековна Назаралиева жана Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн Чет тилдер циклдык комиссиясынын төрайымы Майрамкан Бидановна Токторбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланышты. 

Кесиптештерибизге бекем ден соолук, иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!!!

 

КМШнын мыкты студенти

Эл аралык мамилелер кафедрасынын 3-курсунун студенти  Назарали уулу Мырза-Али жакында эле Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында болуп өткөн  Көз карандысыз  мамлекеттеринин шериктештиги уюмунун Жаштар ассамблеясы тарабынан уюштурулган маданий иш-чарасында КМШ өлкөлөрүнүн жаштар саясатына зор салым кошкондугу үчүн “КМШнын мыкты студенти”  төш белгисине, 1-даражадагы дипломго жана күбөлүгүнө ээ болду.

Аталган сыйлыкты Эл аралык Кувейт университетинин ректорунун кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Чынгыз Айтматов атындагы коомдук академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Сулайманович Ормушев тапшырып, мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалоо менен чын дилден ак батасын берди.

   

"Чыңгыз Айтматов - ХХI кылымдын кайталангыс жана өчпөс жылдызы"

Социалдык-гуманитардык, табигый дисциплиналар жана дене тарбия кафедрасы тарабынан "Чыңгыз Айтматов - ХХI кылымдын кайталангыс жана өчпөс жылдызы" аттуу улуу залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган интеллектуалдык оюн менен коштолгон атайын  иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада студенттердин курама топторунун эмблемаларынын мааниси чечмеленип, презентациялар, улуу жазуучуга арналган ырлар көркөм айтылып (орус жана кыргыз тилдеринде), чыгармаларынан монолог окулду. Улуу залкар жазуучуга арналган маданий иш-чара интеллектуалдык оюн менен жыйынтыкталды.