+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич ТЮРКСОЙ уюмунун медалы менен сыйланды

2023-жылдын 29-майында Эл аралык Кувейт университетинин окутуучусу Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич кыргыз адабиятына кошкон салымы үчүн Эл аралык ТЮРКСОЙ уюмунун медалы менен сыйланды.

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич – кыргыз тил илиминде гана эмес, жалпы түркологияда да өзгөчө орду, салымы бар, таанымал тилчи-илимпоз, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.

Медалды Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Баш катчысы Султан Раев өз колу менен тапшырып, жылуу пикирин айтты: «Бейшенбай агайдан убагында биз дагы билим алганбыз. Бүгүнкү күндө 70тин кырына келип калган жазуучулардын арасынан, тынбай эмгектенип келе жатканын баса белгилеп кетпесем болбойт. Агайдын аңгеме, повестери “Ала тоо” журналына байма-бай чыгып турат эле. Агай сизге бекем ден соолук, узун өмүр чыгармачылык ийгилик каалайм. Адабият майданындагы жолуңуз узак болсун.”


Эске сала кетсек ТҮРКСОЙ уюмуна 30 жыл толду.

ТҮРКСОЙ-түрк маданиятын жана искусствосун биргелешип өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм, түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барып келишет.

Эл аралык Кувейт университетинин ректору Байсеркеев Аскар Эсенович куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
«Бейшенбай Шенкеевич көп жылдар бою, тактап айтканда, 2001-жылдан бери Эл аралык Кувейт университетинде үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Ондогон аспиранттар менен магистранттарды жетектеп, илим майданына такшалтып, тарбиялап келет.
Жаштарды тарбиялоого, кыргыз илими менен адабиятынын өнүгүүсү кошкон салымдары үчүн окуу жай, мамлекет тарабынан бааланып келет. Айта кетсем, агай Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн мыктысы” (2005), Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси (2009), Кыргыз ССРинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарынын ээси, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги.

Бейшенбай Шенкеевич бүгүнкү сыйлыгыңыз менен Эл аралык Кувейт университинин жалпы жамаатынын атынан чын дилибизден куттуктайбыз.Сизге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Мындан ары да калем сабыңыздын сыясы кургабай, жаңы-жаңы чыгармалады окурмандарга тартуулай беришиңизге тилектештигибизди билдериз!”.

Развитие Исламского банкинга и халяль индустрии в странах ЕАЭС

31 мая 2023 года в соответствии с требованиями Министерства образования и науки Кыргызской Республики во исполнение плана мероприятий, приуроченных ко Дню Евразийского экономического союза, кафедра «Экономика и менеджмент» Международного Кувейтского университета организовала и провела круглый стол в онлайн и офлайн формате на тему «Развитие Исламского банкинга и халяль индустрии в странах ЕАЭС».  С участием представителей государственных органов, финансово-кредитных учреждений, организаций и научных кругов Кыргызстана и стран ЕАЭС.

На круглом столе со своими докладами выступили:

  1. Начальник отдела исламских финансовых продуктов Национального

     банка Кыргызской Республики Майташова Самара Назарбековна.

  1. Председатель Государственного финансового надзора при

     Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики

            Пирназаров Марат Тугольбаевич.

  1. Заместитель директора Государственного учреждения "Центр по развитию халал-индустрии" при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики" Усонбек уулу Алмаз.

В ходе круглого стола состоялся конструктивный обмен опытами практического примера стран ЕАЭС по развитию Исламского банкинга и халяль индустрии.  На панельной сессии выступли:

1.Шовхалов Шамиль Ахьядович - д.э.н., профессор, сертифицированный эксперт по исламским финансам. Чеченская Республика.

  1. Магомед Исаевич Яндиев- доцент МГУ им. М.В. Ломоносова, Россия.
  2. Рустам Рустамович Сагдеев – генеральный директор, финансовый дом Амаль. Казань. Россия.
  3. Айдар Абылаевич Жантурин – МФЦА. Казахстан.
  4. Шоев Махмадрузи - Координатор Совета по принципам Исламского финансирования ОАО Исламский Банк «Al Hilal».

 В результате, круглого стола участниками встречи были даны конкретные рекомендации о дальнейшем сотрудничестве и создании единой платформы обмена опытами в практической и научной сферах.

Эл аралык «Аль Рахма» коомдук фондуну негиздөөчүлөрү университетте конокто

2023-жылдын 30-майында Кувейт мамлекетинин Эл аралык «Аль Рахма» коомдук фондуну башкы мүдүрү доктор Иса Аз- Зафири, башкы мүдүрүнүн орун басары доктор Ганем Аш-Шахин, билим берүү секторунун башчысы доктор Турки Аль-Хамиди Эл аралык Кувейт университетинин ишмердүүлүгү жана профессордук окутуучу курамы менен кеңири таанышып, университеттин өнүгүшүнө ийгилик каалады . «Смарт Дженерейшн» коомдук фондунун Президенти Мухаммед Абед Ель-Жажи «Аль Рахма» коомдук фондуна кайрымдуулук иштерге кошкон салымын баса белгилеп, ыраазычылык билдирди. Ошондой эле университеттин ректору Байсеркеев Аскарбек Эсенович конокторго окуу жайдын бүгүнкү абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү маселелерин айтып берди.

 

«Закат Хаус Кувейт» коомдук фондунун өкүлдөрү университеттин ишмердүүлүгү менен кеңири таанышты

2023-жылдын 23-майында Кувейт мамлекетинин «Закат Хаус Кувейт» коомдук фондунун өкүлдөрү Эл аралык Кувейт университетинин ишмердүүлүгү менен кеңири таанышты. «Смарт Дженерейшн» коомдук фондунун Президенти Мухаммед Абед Ель-Жажи «Закат Хаус Кувейт» фондунун кайрымдуулук иштерге кошкон салымын баса белгилеп, ыраазычылык билдирди.  Ошондой эле университеттин ректору Байсеркеев Аскарбек Эсенович конокторго окуу жайдын бүгүнкү абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү маселелерин айтып берди.

 

“Workout” аянтчасынын ачылышы жана спорттук шаймандарды расмий тапшыруу аземи

16-май күнү  Эл аралык Кувейт университетинде Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу" долбоорунун алкагында курулган “Workout” аянтчасынын ачылышы жана спорттук шаймандарды расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага долбоордун жетекчиси Жамангулова Толкун Жолдошовна жана эл аралык эксперти Силке Грассер айым келип катышты. Коноктор өз сөзүндө студенттердин сергек жашоого болгон аракетин күчөтүү, ден-соолукка туура кам көрүү учур талабы экендигин белгилешип, Кыргызстан жаштарынын өз ден-соолугуна кайдыгер карабоосу жалпы улуттун ден-соолугуна чоң таасирин тийгизээрин айтышты.

Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Байсеркеев Аскарбек Эсенович долбоорду ишке ашырууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине жана долбоордун жалпы жамаатына окуу жайдын атынан ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, бул долбоорго өткөн жылы Эл аралык Кувейт университети катышып, тийиштүү грантты жеңип алган.