+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында экскурссия уюштурулду

Жаштардын руханий адеп-ахлагынын өнүгүүсү жана мекенчилдик сезимин ойготуу, коомго керектүү мыкты адис катарында тарбиялоо максатында Эл аралык Кувейт университетинин  кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин Жамалбекова Гулнур Асанбековнанын колдоосу менен ИЯ(к)-1-20, ПН(к)о(9кл)-1-21,2-22 группаларынын Абдыжапар кызы Нурзаттын куратордук иш-планынын негизинде жана старосталарды көзөмөлдөп иш алып барууда Бактыгүл Сабиржанова  менен биргеликте  05-апрель  күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында экскурссия уюштурулду. 

Студенттерди Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Сыдыков Мурадил Жанышбекович кабыл алып студенттер менен кенен баарлашып  мыйзам чыгаруунун жол-жобосу, депутаттардын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын иш-аракеттери жана кесип тандоо, тарыхый инсандардын баскан жолу менен өрнөктүү өмүрүнөн үлгү алууга үндөп, жаштардын мекенчилдик сезимдерин ойготуу, алардын билим алууга, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга байланыштуу кеп кеңештерди айтып эркин баарлашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков жаштарга ар бир кесип ардактуу экенин айтып, студенттерди азыркы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып терең билим алууга, улуу муундан калган улуттук баалуулуктарды аздектеп, Кыргызстандын өнүгүшүнө салмактуу салым кошууга чакырды.

Бул иш-чаранын максаты тарыхый имараттын ичин кыдыртып  пленардык жыйындын жүрүшү менен тааныштырып, тарыхый жерлерди жана мамлекетке эмгеги сиңген инсандардын баскан жолун көрсөтүү аркылуу, студенттердин лидерлик сапатын өрчүтүүгө, мекенчилдик сезимдерин ойготуп, билим алууга умтулуусун жогорулатуу менен өлкөбүзгө, билими менен пайда алып келе турган жаштарды өстүрүү жана аларга багыт көрсөтүү болуп эсептелет.

Жолугушуу Жогорку Кеңештин официалдуу баракчаларында (официалдуу сайтында, инстаграмм, фейсбук, твиттер, телеграмм) жана  Ынтымак партиясынын баракчаларына, депутаттын өздүк маалыматтык булактарында жарыяланды. Бул маалыматтык колдоолор Эл аралык Кувейт университетинин жана кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн репутациясын жогорулатууга жана профорентациялык багыттагы иштерге жарнама катарында пайдаланууга болот.

Турдакун Усубалиев улут сыймыгы

2023-жылдын 29-мартында Эл аралык Кувейт университетинин "Катар" жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүрү жана ишмердүүлүгүнө арналган "Т.Усубалиев - улут сыймыгы" аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Т.Усубалиев менен үзөңгүлөш эмгектенген, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Турдакун Усубалиевдин өмүрү жана ишмердүүлүгүнө арналган китептин автору Бактыбек Максүтов катышып, өзүнүн эскерүүлөрү менен бөлүштү. Аталган иш-чара Т.Усубалиевдин өмүрү жана чыгармачылыгын даңазалаган сүрөт көргөзмөсү, интеллектуалдык оюн, ачык сабактар сыяктуу бир катар иш-чаралардын жыйынтыктоочусу катары өткөрүлдү. Тегерек столдун коногу Б.Максүтов Эл аралык Кувейт университетинин ректору А.Э.Байсеркеевге жана активдүү катышкан студенттерге өз калемине таандык китептерди белек кылды жана ыраазычылыгын билдирди. Ал эми ректор өз сөзүндө өмүрү жана ишмердүүлүгү менен үлгү болгон биздин тарыхый инсандарыбызды даңктоо максатында мындай иш-чаралардын арбын өткөрүлүп турушунда кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстанда бадминтон спорт түрүнүн өнүгүшү

2023-жылдын 30 мартында ЭКУнун Катар залында Дене табия, ден соолук, спорт жана аскерге чейинки даярдык борбору менен Лингвистика кафедрасы биргеликте     Кыргыз республикасынын «Бадминтон спорт түрүнүн ѳнүгүүсү»  аттуу тегерек стол ѳткѳрүштү. Тегерек столдун башкы коноктору болуп Азия бадминтон федерациясынан Кыргызстанга жѳнѳтүлгѳн дүйнѳлүк, профессионалдуу денгелдеги Малазиялык машыктыруучусу Камал Самбенхан  жана Кыргыз Республикасынын бадминтон, сквоша федерациясынын вице президенти Эмир Аманбековтор катышышты.  Тегерек стол англис тили форматында ѳтүлүп бадминтон спортту боюнча лингвистика кафедрасынын студенттери кызыктуу баяндамаларды даярдап жасашты. ЭКУнун ректору Байсаркеев Аскар Эсенович менен  Кыргыз Республикасынын бадминтон, сквоша федерациясынын вице президенти Эмир Аманбеков келечекте ЭКУнун бадминтон спорт түрүнүн ѳнүктүрүү меморандумуна кол коюшуп, ыраазычылык каттар менен алмашылды.  Иш чара Малазиялык машыктыруучуга ЭКУнун ыраазычылык каты ыйгарылып студенттер менен Камал Самбенхан арасында суроо жооп менен аякталды.

 

Бир студент бир көчөт

Эл аралык Кувейт университети бир студент бир көчөт программасынын алкагында көчөт отургузуу иш чарасын өткөрүүдө.

Эне – өмүрдүн башаты

13-мартта Эл аралык Кувейт университетинде студенттер тарабынан уюштурулган “Эне – өмүрдүн башаты” деген аталышта маданий иш-чара болуп өттү. Окуу жайыбыздын таланттуу студенттери өздөрүнүн ар кырдуу таланттарын көрсөтүп, мугалимдерге жана жалпы көрүүчүлөргө көңүлдүү маанай тартуулашты. Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин деканы Исмаилов Аскарбек Кожомбекович  бардык айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, студенттерге жана мугалимдерге ийгилик каалады. Иш-чарада көрүүчүлөргө тарбиялык программалар тартууланып, активдүү катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.