+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

«АЗЫРКЫ ЖОЖ ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН ИЙГИЛИГИНЕ ЖЕТҮҮДӨГҮ ИННОВАЦИЯЛЫК МЕХАНИЗМДЕР ЖАНА ПРОЦЕССТЕР» аттуу семинар-тренинг өткөрүлдү.

Жазгы семестрдын баштулуусу алдында 9-январдан 19-январга чейин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу, Республикалык билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институту тарабынан Эл аралык Кувейт университетинин профессор-окутуучулар жааматы жана Кесиптик билим берүү бөлүмүнүн мугалим-окутуучулар жааматына «АЗЫРКЫ ЖОЖ ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН ИЙГИЛИГИНЕ ЖЕТҮҮДӨГҮ ИННОВАЦИЯЛЫК МЕХАНИЗМДЕР ЖАНА ПРОЦЕССТЕР» аттуу семинар-тренинг өткөрүлдү.

Квалификацияны жогорулатуу курсунда:
1. Билим берүүдөгү инновациялык процесстер
2. Билим берүүнүн педагогикалык проблемалары
3. Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү
4. Билим берүүнүн психологиялык жана практикалык аспектилери
5. Билим берүүдө «Критикалык ой жүгүртүү» технологияларын колдонуу
6. Эмоционалдык интеллект
7. Билим берүүнүн сапатын башкаруунун методдору жана стратегиялары
8. Диндердин өнүгүү тарыхы
9. Инновациялык окутуудагы стратегиялар- темалары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу, Республикалык билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институтунун лекторлору тарабынан мыкты денгээлде өтүлдү.
Эл аралык Кувейт университетинин профессор-окутуучулар жааматы жана Кесиптик билим берүү бөлүмүнүн мугалим-окутуучулар жааматы квалификацияны жогорулатуу курсунда, билим берүүнүн сапатын башкаруунун методдорун талкуулоолоодо, педагогикалык проблемаларды талдоодо жана башка маселелерде өз пикирлери менен бөлүшүп, сунуш-пикирлерин айтып, активдүү катышты.

Меморандумга кол коюлду

2022-жылдын 6-декабрында Эл аралык Кувейт университети менен Коммерциялык эмес акционердик коому «М.Дулати атындагы Тараз аймактык (мамлекеттик) университеттин» ортосунда «Кызматташтык боюнча» Меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун предмети болуп алдыңкы окутуучулар жана илимпоздору, докторант, магистрант жана студенттери менен алмашууну камтыган биргелешкен илимий-техникалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу жаатында инновациялык, илимий-техникалык жана билим берүү тармагындагы кызматташуу саналат.

 

Академиялык мобилдүүлүк

 

  1. 2022-жылдын 5-декабрдан 9-декабрга чейин академиялык мобилдүүлүктүн алкагында «Экономика жана менежмент» кафедрасынын тѳмѳнкү окутуучулары

ФИО преподавателя

Тема

Дисциплина

Курс

1

Макешова Перизат Шабданбековна

Концепция бухгалтерской (финансовой) отчетности в международной практике

Бухгалтерская (финансовая) отчетность

4

2

Джунусбаева Чолпон Исаевна

Издержки производства и прибыль фирмы

Микроэкономика

1

3

Ибраева Гульзат Турганбековна

Фундаментальный и технический анализ рынка ценных бумаг

Рынок ценных бумаг

4

4

Ниязалиева Кундуз Насирдиновна

Основные функции менеджмента: планирование, организация, мотивация и контроль

Менеджмент

4

 

Эл аралык Тараз инновациялык институттун студенттери үчүн лекцияларын окуп, сертификаттарга ээ болушту.

 

Ошондой эле журналистика жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Койчуманова Нургүл Мааметовна М.Дулати Тараз аймактык университетинин «Журналистика» багытынын магистранттарына лекцияларды окуп, сертификатка ээ болду.

 

18- декабрь Бүткүл дүйнѳлүк араб тили күнүнѳ карата, араб тили жумалыгы болуп ѳттү

Эл аралык Кувейт университетинде 18- декабрь Бүткүл дүйнѳлүк араб тили күнүнѳ карата, араб тили жумалыгы болуп ѳттү. Бул жумада тѳмѳнкү иш - чаралар аткарылды:
• Араб каллиграфиясы боюнча мастер класс;
• Араб каллиграфиясы боюнча кѳргѳзмѳ;
• Араб тилинде дил баян жазуу;
• Университеттин тайпалары арасында сынак (кѳркѳм окуу, сценка);
• ОКББ бѳлүмүндѳ интелектуалдык оюндар;
• Араб тили боюнча дебат;
• Араб филологиясы» кафедрасынын бүтүрүүчүлѳрү менен тегерек стол.

«Араб филорлогиясы» кафедрасынын жамааты тарабынан уюштурулган бул саамалык бир жума боюу ѳткѳрүлүп, 15- дкабырда университеттин чон залында жыйынтыктоочу иш-чара болду.
Бул иш- чараны Эл аралык Кувейт университеттин ректору профессор Байсеркеев А.Э. ачып профессор-окутуучулар жамаатын, студенттерди араб тили күнү менен куттуктап, женүүчүлѳргѳ чакан белектерди тапшырды. Жыйынтыгында студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт коюлду.

Дүйнөлүк Куран жарышынын женүүчүсү бизде мейманда

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында 42-жолу өткөрүлгөн бүткүл дүйнөлүк Куран жарышына дүйнөнүн 111 мамлекетинен 153 хафиз айтуучу катышкан. Дүйнөнүн алдыңкы хафиздеринин ичинен Эл аралык Кувейт университетинин бүтүрүүчүсү  Мухаммедали Умаров  30 пара  Куранды жатка айтуу жана тафсир категориясы боюнча 1-орунду багынткан.  Жеңүүчү мекендешибиз 250 миң риалга (5 млн 500 миң сом) ээ болгон.

Бул 24 жаштагы Мухаммедали Умаровдун биринчи ийгилиги эмес, анткени 2015-жылы Турцияда жана 2020-жылы 17-февралда Иран мамлекеттеринде болуп өткөн Дүйнөлүк Куран жарыштарда эки жолкусунда тең 3-орунду ээлеп  коло медалдын ээси болгон.

Мухаммедали Умаров 2016-2020-жылдарда Эл аралык Кувейт университетинин гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин араб филологиясы адистигинде окуган.

Эл аралык Кувейт университетинин араб тил жумалыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасында дүйнөлүк Куран окуунун жеңүүчүсү Мухаммедали Умаров ардактуу конок катары чакырылды.  Мухаммедали Умаровду Эл аралык Кувейт университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Аскарбек Эсенович Байсеркеев, араб филологиясы кафедрасынын профессор-окутуучулар жамааты жана университеттин студенттери тосуп алып, ыраазычылык айтып бул окуу жайдын бүтүрүүчүсүнун мындай ийгиликке жетиши менен университеттин жалпы жамааты сыймыктанып жаткандыгын  билдирди.