+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

ОСНОВАТЕЛИ УНИВЕРСИТЕТА

АБДУЛЛАТИФ РАМАДАН АЛЬ-ХАЖЕРИ
АБДУЛЛАТИФ РАМАДАН АЛЬ-ХАЖЕРИКөрүнүктүү коомдук ишмер доктор, профессор.
1998-жылы Кыргыз Кувейт университетин (азыркы Эл аралык Кувейт университетин) түптөгөн. Ал көптөгөн жалпы билим берүүчү мектептерди жана жетим балдар үйлөрүн негиздеген. Кыргызстандагы жетим балдардын сүйүктүү жана мээримдүү атасы болгон. Жакыр жана муктаж үй-бүлөөлөргө жардам кылууга ар дайым даяр эле. Ал Кувейт өлкөсүнүн жарандыгы болгодугуна карабасатан, анын кайрымдуулук ишмердүүлүгү Кыргызстандын карапайым жашоо турмушун оңдоого багытталган. Берешендиги, ак көңүлдүүлүгү менен бир жолуккан адамдын жүрөгүндө эстен кеткис из калтырган. Биздин окутуучубуз жана жетекчибиз Абдуллатиф Рамадан Аль-Хажеринин Кыргызстандын жаш муундарына берген билим жана тарбиясы өтө кымбат. Абдуллатиф Рамадан Аль-Хажеринин ысымы Эл аралык Кувейт университетинин араб тили кафедрасына жана магистратура бөлүмүнө ыйгарылды.