| | | | | | | | | |
        

Наш адрес: г. Бишкек
ул. Эсенгула Ибраева 6-а
Телефоны для справок:
0 (312) 33 73 81;
0 (312) 33 73 69

e-mail: admin@chygysh.kg

ЖАҢЫЛЫКТАР |2|


“Кусеин Карасаев - XX кылымдын Махмуд Кашгариси” – эл аралык илимий-практикалык конференция.
22.12.2016

22-декабрда Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде, кыргыз тили илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири, 1 даражадагы “Манас” орденинин ээси, илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын илимине жана техникасына эмгек сиңирген ишмер Кусеин Карасаевдин 115 жылдыгына карата «Кусеин Карасаев - XX кылымдын Махмуд Кашгариси» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш чараны Чыгыш университетинин ректору А.О. Ибраев ачып, конференциянын ийгиликтүү өтүшун каалады. Кусеин Карасаев кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына, анын ичине кыргыз тилинин орфографиясына кошкон чоң салымын белгиледи.

Подробнее.....




18-декабрь - Араб тилинин бүткүл дүйнөлүк күнү
19.12.2016

2016-жылдын 12-декабрынан 16-декабрына чейин Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин араб тили жана лингвистика кафедрасы 18-декабрь - Араб тилинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата араб тили жумалыгын өткөрдү.

Бул күн араб тилин 1973-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын жана анын башкы комитеттеринин официалдуу жана жумушчу тилдеринин катарына киргизүү жөнүндөгү чечими менен бекитилген.

Подробнее.....




2016-ж. ЖОЖдор аралык математикалык олимпиада
16.12.2016

16-декабрда Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети «Колдонмо информатика, математика жана табигый дисциплиналар» кафедрасынын демилгеси менен жыл сайын математика боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада өткөрүлөт.

Олимпиада жогорку окуу жайларынын 1-курстар арасында өткөрүлөт.

Подробнее.....




"Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү" темасындагы семинар
02.12.2016

2-декабрда Чыгыш университетинде "Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү" темасындагы семинар болуп өттү.

Иш чараны Чыгыш университетинин ректору А.О.Ибраев ачып, семинардын ийгиликтүү жана жемиштүү өтүшүн каалады.

Лектор катарында StrategicInterCom GmbH стратегиялык маданий аралык коммуникация Борборунун директору, Бизнес-Инноваций - AEBIC (Германия) Азия-Европалык Конгрессинин камкордук кенешинин төрагасы доктор Константин Шамбер жана Колумбия университетинин (АКШ), MDP Global Classroom программасынын директору Рафис Абазов(Казахстан) чыгып сүйлөдү.

Подробнее.....




Кыргызстандын дипломатия күнү
09.11.2016

2016-жылдын 9-ноябрында Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде Кыргызстандын дипломатия күнү белгиленди. Иш чараны университеттин ректору А.О.Ибраев ачты.

    Бул салтанаттуу иш чарага тѳмѳнкү коноктор чакырылды:

  • Кыргыз Республикасынын ыйгарым жана толук укуктуу элчиси - Саралинов Марат Уразалиевич
  • Кыргыз Республикасынын ыйгарым жана толук укуктуу элчиси - Сооданбеков Жумагул Сооданбекович
  • Кыргыз Республикасынын ыйгарым жана толук укуктуу элчиси - Рыскулов Ислан Абдыбачаевич


Подробнее.....


  |1|  |2|   |3|   |4|  |5|   |6|... 

© Copyright 2016, Международный Кувейтский Университет
разработчик Тургунбаев Эмиль  кафедра  "ПИМиЕД"