УЧЕБНО - МЕТОДИЧЕСКИЙ ОТДЕЛ
Состав учебно-методического отдела

Заведующий учебно-методического отдела
Абдуламитова Динара Койчумановна
2003-2008 гг. Восточный университет им. М. Кашгари-Барскани
Направления: Филолог-арабист
ОКУУ МЕТОДИКАЛЫК БӨЛҮМДҮН МИССИЯСЫ, ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ, МИЛДЕТТЕРИ
ОКУУ МЕТОДИКАЛЫК БӨЛҮМДҮН МИССИЯСЫ
Эл аралык Кувейт университетинин негизги милдети кредиттик технологиянын негизинде, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо. жетекчиликтин, профессордук-окутуучулук курамдын, билим берүүнү камсыздоонун, административдик-чарбалык персоналдын жана студенттердин биргелешкен ишинин негизинде окуу процессин өркүндөтүү жана натыйжалуу пландаштыруу, уюштуруу, башкаруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ
ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК БӨЛҮМҮНҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Окуу-методикалык бөлүм – университеттин негизги структуралык бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Бул бөлүм жогорку жана орто билим берүү программалары боюнча окуу процессин уюштуруу максатында түзүлгөн. Негизги милдети катары мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык жогорку жана орто кесиптик билим берүү багыттар боюнча окуу пландарын, окуу процессинин графиктерин, профессордук-окутуучулар курамынын сааттык жүктөмүн көзөмөлдөө.Окуу-методикалык бөлүмү деканат, окуу-методикалык кеңеш, сапат жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмү жана кафедралар менен биргеликте ар кандай иш кагаздар боюнча ыкчам маалымат берүү максатында тыгыз кызматташат.
Окуу-методикалык бөлүмдүн ишмердүүлүгү
- окуу процессин уюштуруу жана так аткарылышын көзөмөлдөө;
- ЭКУнун кафедраларынын штаттык профессордук-окутуучулардын эс алуу менен пландалган сааттык жүктөмдөрүн макулдаштыруу;
- окуу процессин жөнгө салуучу ченемдик документтерди көзѳмөлдөө;
- билим берүүгө керектүү иш кагаздарынын даярдалышы боюнча кафедралар менен тыгыз байланышта болуу;
- көзөмөлдөө билим берүү программаларын жана окуу процессин ишке ашыруу боюнча отчетторду даярдоо;
- профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүктөмүнүн пландалышын жана иш жүзүндө аткарылышын көзѳмөлдөө;
- мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны уюштурууну, ырааттамалоо жана көзѳмөлдөө;
- окуу процессинин жүрүшүндө аралык жана жыйынтыктоочу сынактарды уюштуруу, көзөмөлдөө жана анализдөө.
Окуу-методикалык бөлүмдүн негизги милдеттери:
- билим берүүнүн бардык формаларынын окуу процессинде пландаштыруу, уюштуруу жана көзѳмөлдөө;
- студенттердин практикасын уюштуруу жана ѳтүүсүн көзѳмөлдөө;
- билим берүү иши боюнча отчеттуулуктун бардык түрлөрүн ишке ашыруу;
- билим берүү ишмердүүлүгүн аккредитациялоодон (аттестациядан) өтүүгө жана окуу багыттарынын билим берүү программаларын лицензиялоого көмөк көрсөтүү;
- мугалимдердин эмгек тартибин сактоосун көзөмөлдөө;
- сабактардын ырааттамасын көзөмөлдөө.



