+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Сармерден оюну кесиптик билим берүү бөлүмүндө

20-апрель күнү “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу кыргыз тилин өнүктүрүү, даңазалоо, жайылтуу максатында көөнөргүс салттардын бири болгон кыз-жигит оюну Эл аралык Кувейт университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттеринин “Кыз-Жибек” жана “Жигиттер” тобунун катышуусунда болуп өттү. Иш-чараны кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери: Б. Асаналиева, Г. Аралова уюштурду.

Кыз-жигит айтышы университеттин чоң жыйындар залында ректор, проректорлор, окутуучулар жана студенттердин катышуусунда болду.

Салттуу оюнда алгач Эл аралык Кувейт университетинин  мамлекеттик тил, эл аралык мамилелер жана тарбия иштери боюнча проректор, э.и.к., доцент Ч.И.Джунусбаева сөз сүйлөдү. «Сармерден оюну жөн эле көңүл ачуучу оюн эмес, ал абалкы салтты азыркы күндө улап келе жаткан бирден- бир салттуу оюн», - деп билдирди.

Кыз-жигиттердин оюну эзелки салтты жандандырып, жалындаган таланттар ыр-күүлөрдү аткарып, чимириле бий бийлеп, улуттук аспаптарда кол ойнотуп, жаңылмач айтып, табышмактын жандырмагын чечип көрүүчүлөрдүн жарпын жазышты. Кыз-жигиттердин оюну калыстардын чечими менен «Кыз-Жибек» командасынын жеңиши менен аяктады.

Жеңүүчүлөргө грамоталарды кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Г.А. Жамалбекова жана Эл аралык Кувейт университетинин доценти, п.и.к.,  Н.Т. Мурзаев тапшырды.

Другие интересующие посты от iku.kg