+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевичтин “Зоока” аттуу чыгармалар жыйнагынын бет ачары

2023-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарынын Улуттук тарых музейинде  Эл аралык Кувейт университетинин журналистика жана социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын профессору, белгилүү жазуучу Усубалиев Бейшенбай Шенкеевичтин “Зоока” китебинин бет ачары болуп өттү.

             "Көркөм болобу, илимий болобу, айтор чыгарма жаратуунун түйшүк-жыргалын мындайча берсек болот: ТОЗОКТОГУ БЕЙИШ же, тескерисинче, БЕЙИШТЕГИ ТОЗОК" деп, автор өз сөзүндө баса белгилеп төмөндөгүлөргө токтолду. “ЗООКА – бул аска-зоо дегендердин уялашы, синоними. Зоока – бул өтө бийик, өтө сүрдүү жак. Күндүн нуру ары-бери урунбай, өзүнүн наристедей аруу учурунда биринчи ЗООКАГА келип тиет; аны жууп-тазалап кетет; бул күн сайын кайталанып турат; демек, Зоока – бул бир гана бийиктиктин, сүрдүүлүктүн гана эмес, тунуктуктун, аруулуктун да символу!

Мен эмне үчүн бет ачарды өткөрүп жатам? Китебимди басмага даярдай баштаганда эле менде негедир делөөрү сезими пайда болду; бул китебимдин бет ачарын, буюрса, сөзсүз өткөрөм деген; атүгүл айрымдарыңарды жарык көрө элек китебимдин бет ачарына чакырып жибергеним да эсимде! Азыр болсо мендеги делөөрү сезими ЖОЛУГУШУУ КУСАЛЫГЫНАН жаралганбы деп боолголоп отурам.

Биз кийинчерээк психологиялык бир алааматка кабылган сыяктанабыз. Анткени тиктешип туруп эле, жолугуша албай калчу болдук, б.а., «жолуктук да, жолукпадык, кездештик да, кездешпедик». Ошондуктанбы, кийинки кездерде кокусунан бир жакшы таанышыңды же жөн эле өң таанышыңды көрүп калсаң, жүрөгүңдү бир жылуулук өрдөп кеткендей болот. Анын тирүү жүргөнүн көргөнүңдө, билгениңде эмнегедир сүйүнөсүң; анын тирүү экенин көрүп туруп, өзүңдүн да тирүү экениңди жон териң менен бир сезип аласың. Чындыгында, анын тирүү жүргөнүнүн өзү эле сен үчүн канча демөөр, канча кубат.             Балким, силер да ушундай абалга кабылып отурган чыгарсыңар. Көрсө, ЖОЛУГУШУУ – бул тирүүлүктүн элеси, образы эмес, а анын (тирүүлүктүн) өзү турбайбы! Маркумдар бири-бири менен жолугушпайт эмеспи!” деп кыскача токтоло кетти.

 

Бейшенбай Шенкеевич Эл аралык Кувейт университетинде 2001-жылдан бери  үзүрлүү эмгектенип келе жатат.Аспиранттар менен  магистранттарды жетектеп, илим майданына такшалтып, тарбиялап келет.

Жаштарды тарбиялоого, кыргыз илими менен адабиятынын өнүгүүсү кошкон салымдары үчүн окуу жай, мамлекет тарабынан бааланып келет. Айта кетсек, агай Кыргыз Республикасынын  “Билим берүүсүнүн мыктысы” (2005), Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси (2009), Кыргыз ССРинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарынын ээси, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги.

            “Зоока” китеби алгач 2022-жылы Турциянын Анкара шаарында басмадан чыгарылган. Түрк басмаларынын аркасы менен кыргыз окурмандары азыркы Кыргызстандын мыкты жазуучуларынын биринин чыгармачылыгына сүңгүп, анын ички бай дүйнөсү, терең философиялык ойлору менен таанышып келишет.Бул биз үчүн зор сыймык. Агайдын илим, чыгармачылык жана өмүр жолуна кыскача токтоло кетсек. Көркөм сөздүн чеберинин чыгармалары руханий байлыгы, эстетикалык табити, терең психологиясы менен айырмаланган жазуучу Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич – кыргыз тил илиминде гана эмес, жалпы түркологияда да өзгөчө орду, салымы бар, таанымал тилчи-илимпоз,  филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү. Агайдын дагы бир өзгөчөлүгү илим менен катар жазуучулук өнөрдү да кошо алып жүргөндүгүндө.  200 гө жакын илимий эмгектер, публицистикалык макалалар  менен 50 дөн ашуун ангеме, повесттердин автору. 1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Азыркы кезде кыргыз элинин калың катмарына “Түркүк”,  “Көз”, “Түтүн”, “Түн” “Кызык”, “Шишек”,  «Биз он эки болгонбуз», «Рок», «Лиза», “Акча” ж.б.у.с. чыгармалары аркылуу белгилүү жазуучу. Агайдын чыгармалары – адамдын өтө татаал руханий дүйнөсүн ачууга умтулуу, жакшылык менен жамандыктын, жарык менен кара күчтөрдүн күрөшү, тилектештик, гуманизм, кайрымдуулук жана сүйүү сыяктуу жалындуу жана түбөлүктүү темаларды козгойт.

            Бейшенбай Шенкеевичти чыгармачылык кечеси менен Эл аралык Кувейт университинин ректору Аскарбек Эсенович өзүнүн жана университеттин жалпы жамаатынын атынан чын дилинен куттуктап, кыргыздын салты менен чепкен жаап, ак калпак кийгизип, бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт,  чыгармачылык ийгилик каалады. Мындан ары да калем сабынын сыясы кургабай, жаңы-жаңы чыгармалады окурмандарга тартуулай беришине тилектештигин билдерди!

            Белгилей кетсек китептин бет ачарына келген 300дөн ашуун коноктор, окурмандар залга батпай тикесинен тик туруп, бир дем агайдын чыгармачылык кечесин куттуктап келген белгилүү жазуучулардын, коомдук ишмерлердин баяндоосун бир дем  муюп угуп, иш чаранын аягында автордун кол тамгасы менен ар бир келген конок “Зоока” китебин белекке бекер алышып, кубанычтарында чек жок.

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич агайыбыздын мындан аркы дагы адабият ааламындагы жолуна албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

Другие интересующие посты от iku.kg