+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

“Workout” аянтчасынын ачылышы жана спорттук шаймандарды расмий тапшыруу аземи

16-май күнү  Эл аралык Кувейт университетинде Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу" долбоорунун алкагында курулган “Workout” аянтчасынын ачылышы жана спорттук шаймандарды расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага долбоордун жетекчиси Жамангулова Толкун Жолдошовна жана эл аралык эксперти Силке Грассер айым келип катышты. Коноктор өз сөзүндө студенттердин сергек жашоого болгон аракетин күчөтүү, ден-соолукка туура кам көрүү учур талабы экендигин белгилешип, Кыргызстан жаштарынын өз ден-соолугуна кайдыгер карабоосу жалпы улуттун ден-соолугуна чоң таасирин тийгизээрин айтышты.

Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Байсеркеев Аскарбек Эсенович долбоорду ишке ашырууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине жана долбоордун жалпы жамаатына окуу жайдын атынан ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, бул долбоорго өткөн жылы Эл аралык Кувейт университети катышып, тийиштүү грантты жеңип алган.

Другие интересующие посты от iku.kg