+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич ТЮРКСОЙ уюмунун медалы менен сыйланды

2023-жылдын 29-майында Эл аралык Кувейт университетинин окутуучусу Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич кыргыз адабиятына кошкон салымы үчүн Эл аралык ТЮРКСОЙ уюмунун медалы менен сыйланды.

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич – кыргыз тил илиминде гана эмес, жалпы түркологияда да өзгөчө орду, салымы бар, таанымал тилчи-илимпоз, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.

Медалды Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Баш катчысы Султан Раев өз колу менен тапшырып, жылуу пикирин айтты: «Бейшенбай агайдан убагында биз дагы билим алганбыз. Бүгүнкү күндө 70тин кырына келип калган жазуучулардын арасынан, тынбай эмгектенип келе жатканын баса белгилеп кетпесем болбойт. Агайдын аңгеме, повестери “Ала тоо” журналына байма-бай чыгып турат эле. Агай сизге бекем ден соолук, узун өмүр чыгармачылык ийгилик каалайм. Адабият майданындагы жолуңуз узак болсун.”


Эске сала кетсек ТҮРКСОЙ уюмуна 30 жыл толду.

ТҮРКСОЙ-түрк маданиятын жана искусствосун биргелешип өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм, түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барып келишет.

Эл аралык Кувейт университетинин ректору Байсеркеев Аскар Эсенович куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
«Бейшенбай Шенкеевич көп жылдар бою, тактап айтканда, 2001-жылдан бери Эл аралык Кувейт университетинде үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Ондогон аспиранттар менен магистранттарды жетектеп, илим майданына такшалтып, тарбиялап келет.
Жаштарды тарбиялоого, кыргыз илими менен адабиятынын өнүгүүсү кошкон салымдары үчүн окуу жай, мамлекет тарабынан бааланып келет. Айта кетсем, агай Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн мыктысы” (2005), Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси (2009), Кыргыз ССРинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарынын ээси, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги.

Бейшенбай Шенкеевич бүгүнкү сыйлыгыңыз менен Эл аралык Кувейт университинин жалпы жамаатынын атынан чын дилибизден куттуктайбыз.Сизге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Мындан ары да калем сабыңыздын сыясы кургабай, жаңы-жаңы чыгармалады окурмандарга тартуулай беришиңизге тилектештигибизди билдериз!”.

Другие интересующие посты от iku.kg