+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

Мыкты студент – 2023

2-июнь күнү Эл аралык Кувейт университетинин 2022-2023-окуу жылынын алкагында жарыяланган “Мыкты студент – 2023” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү. Аталган конкурстун шарттары боюнча университеттин жана колледждин студенттеринен келип түшкөн документтер атайын түзүлгөн Тандоо комиссиясынын кароосунан өтүп, тандалып алынган 14 студент ар кандай номинациялар боюнча сыйланды.
1-даражадагы Мыкты студент-2023 номинациясына университет боюнча Нурсеит кызы Эдита татыктуу болсо, ал эми колледж боюнча 1-даражадагы Мыкты студент-2023 номинациясына Касымова Гульназ татыктуу деп табылды.
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, диплом жана университеттин атайын статуеткасы тапшырылды.
Салтка айланган бул конкурстун максаты студенттрди окууда жана коомдук иштерде ар тараптуу өнүгүүгө жана стимул берүүгө багытталган.

Другие интересующие посты от iku.kg