+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

ЭКУнун тайпа кураторлорунун 2022-2023-окуу жылындагы окуу - тарбия жаатындагы аткарган иштери боюнча отчеттору

9-июнь күнү окуу жайыбыздын тайпалык кураторлорунун окуу жылды аяктоочу отчеттук жыйыны болуп өттү. Жыйынга университетибиздин ректору, профессор А. Э. Байсеркеев жана Тарбия иштери, эл аралык байланыштар жана Мамлекеттик тил боюнча проректор Ч. И. Джунусбаева катышып кураторлордун 2022-2023-окуу жылындагы окуу - тарбия жаатындагы аткарган иштери боюнча отчетторун угушту. Ректор өз сөзүндө студенттердин тарбиясы университеттин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, бул иштердин ийгиликтүү аткарылышында кураторлордун эмгеги зор экендигин айтты.
Жыйындын акырында окуу жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты иш алып барган кураторлорго ыраазычылык каттар жана грамоталар тапшырылды.

Другие интересующие посты от iku.kg