+996 (312) 33 73 81, +996 (312) 33 73 68,  Адрес электронной почты защищен от спам-ботов. Для просмотра адреса в вашем браузере должен быть включен Javascript.

ОБЪЯВЛЯЕТ ПРИЕМ в аспирантуру на 2025 -2026 гг.

Эл аралык Кувейт университети 2025-2026 окуу жылына контракттык негизде төмөнкү багыттар боюнча аспирантурага кабыл алууну жарыялайт!

  • Документтер 2025-жылдын 3-ноябрынан 3-декабрына чейин кабыл алынат.
    Кирүү сынактары 2025-жылдын 4-декабрында жүргүзүлөт.

    07.00.02. Ата-Мекен тарыхы.
    13.00.01. Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы
    13.00.02. Окутуунун жана тарбиялоонун усулдары жана теориясы.(окутуунун денгээлдери жана тармактары боюнча)
    13.00.08. Кесиптик билим берүүнүн усулдары жана теориясы .
    10.02.20. Салыштырма- тарыхый, типологиялык жана тектештирме тил илими.
    23.00.02. Саясий институттар , процесстер жага технологиялар.

    Окуу күндүзгү (3жыл)
    Аспирантурага кирүү үчүн төмөндөгүдөй экзамендер тапшырылат
    1. Тандап алган адистиги боюнча
    2. Философия
    3. Мамлекеттик тил
    4. Англис, немец тилдери

    Керектүү документтер:
    1. Эл аралык Кувейт университетинин ректорунун наамына арыз;
    2. Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүү менен) (чет өлкөлүк жарандар үчүн - алардын билими тууралуу документтеринин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк)
    3. Өмүр баяны жана кадрдык учет боюнча өздүк баракча;
    4. Реферат;
    5. Илимий эмгектердин тизмеси;
    6. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү
    7. Илимий жетекчинин кагаз жүзүндөгү макулдугу.
    8. Паспорттун көчүрмөсү;
    9. Сүрөт 4*6 – 2 даана


    Байланыш номери: 0706563326

Другие интересующие посты от iku.kg