Эл аралык Кувейт университетинин ректораты, аспирантура бөлүмү жана профессордук окутуучулар жамааты Чинлода Мадина Сулеймановнаны 2023-жылдын 17-февралында 10.02.20- "Тектештирме –тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими" адистиги боюнча «Тропеические средства выразительности и образности в русском и арабском языках (на материале переводов Корана на русском языке)» филологиялык илимдеринин кандидаттык окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен кызуу куттуктап, Мадина Сулеймановнага чыгармачыл ийгиликтерди каалайт!
Чинлода Мадина Сулеймановна
ЭКУ нин Араб филолгиясы кафедрасынын ага окутуучусу
жана аспирантура бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү
Кандидаттык диссертациялык ишинин темасы: « Орус жана араб тилдериндеги экспрессивдүү жана образдуу троптун каражаттары (Курандын орусча котормолорунун негизинде )»
Диссертациялык иш Эл аралык Кувейт университетинин араб филологиясы кафедрасында аткарылды.
Илимий жетекчиси: Тагаев Мамед Джакыпович, филологиялык илимдеринин доктору, профессор КРСУ нун А.О. Орусбаев атындагы орус тили институнун директору.
Расмий оппоненттер: Мадмарова Гулипа Араповна, филология илимдеринин доктору, доцент, Ош МУнун орус филологиясы факультеттеринин деканы;
Момуналиев Кадыр Сатканбаевич, филология илимдеринин кандидаты , доцент Ислам университетинин араб филологиясы кафедрасынын доценти.
2022-жылдын 9-сентябрда Эл аралык Кувейт университетинде талкуусу ,15-декабрда алдын ала коргоосу Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде болуп өттү.
2023 –жылдын 17- февралында саат 10.00дө Ош мамлекеттик университети жана Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетине караштуу филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн К10.22.648 диссертациялык кенештин жыйынында корголду.
Аспирантура жана магистратура бөлүмү.
http://iku.kg/index.php/component/content/article/9-news/105-kuttuktajbyz.html?Itemid=101#sigProIda452e6c42f