Эл аралык Кувейт университетинин Журналистика жана социалдык гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан 2023-жылы 16-февралында “Катар” жыйындар залында “Медиатехнологиялар өнүккөн доордогу журналистика” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чарага Эл аралык Кувейт университетин ректору, п.и.д., А.Э.Байсеркеев, профессор , ф.и.д., КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Б.Ш.Усубалиев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР эл артисти, ЭКУнун профессору Джаманбаева Т.К., “Кыргыз Туусу” басмасынын башкы жетекчиси М.Б.Тыналиев, “Миң Кыял FM” радиосунун продюссери Т.Кожобеков, ди-джей Э.Элебаева, КР Коммуникаторлор Ассоциациясынын президенти Э.Турдубаева, УТРКнын Улуттук каналынын продюссери, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ЖжСГД кафедрасынын доценти А.К.Касымалиев, “Биринчи радионун” алып баруучусу Т.Т.Чабдарова, “И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика кафедрасынын жетекчиси, филол.и.к. У.К.Жапаракунов, К.Карасаев атындагы БМУнун журналистика кафедрасынын жетекчиси А.А.Эшимканова, “Медиахаб” журналисттик иликтөө борборунун иликтөө журналисти М.Айныкеева, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Ж. Мамажанова, КР экономика министрлигинин жетектөөчү адиси А.Эрмекова, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, магистранттар жана студенттер катышып, модератор ЭКУнун журналистика жана социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Ч.Х. Хидирова болду.
Тегерек стол өткөрүүнүн негизги максаттары:
➢ стейкхолдерлер, иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер менен биргеликте кесипкөй адистерди даярдоо маселесинде потенциалдуу иш берүүчүлөр менен конструктивдүү кызматташуунун формаларын издөө;
➢ медиатехнологиялар өнүккөн доорго шайкеш келген бүтүрүүчүнүн моделин түзүү;
➢ журналисттерди даярдоодогу көйгөйлөр менен оптималдуу багыттарды аныктоо болуп эсептелет.
Иш-чарада тандалып тема боюнча негизги баяндамачы катары КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, УТРКнын Улуттук каналынын продюссери, ЖжСГД кафедрасынын доценти А.Т. Касымалиев кызыктуу жана маанилүү баяндама жасады. Кафедранын журналистика багытынын бүтүрүүчүлөрү жана алардын ишке орношуусу жөнүндө А.Турганова видео-слайд аркылуу маалымат берди.
http://iku.kg/index.php/component/content/article/9-news/106-mediatekhnologiyalar-n-kk-n-doordogu-zhurnalistika.html?Itemid=101#sigProId43188a38b2