2023-жылдын 15-февралында “Лингвистика” кафедрасы тарабынан тегерек стол уюштурулду. Бул тегерек столго Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан, министрликтеринен, мектептерден, университеттерден келген өкүлдөр жана АКШнын Кыргызстандагы ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү боюнча USAID долбоорунун ишкерлери, УТРКНЫН “Замана” студиясынын баяндамачысы конок катары катышышты.
Ошондой эле быйылкы 2023-жылкы бүтүрүүчүлөр, 1-2-3-курстун кээ бир студенттери да активдүү катышышты.
“21-кылымдын бүтүрүүчүсүнүн учурдагы абалы жана келечеги жана жумуш берүүчүлөрдүн талаптары” аттуу теманын алкагында талкуулар болду.
Тегерек столдо билим берүүнүн негизги программасы талкууланып, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр өз ой пикирлерин, сунуштарын айтышты.
Ошондой эле ата-энелер да чакырылган эле, алар да өз кезегинде балдарына университет берип жаткан билим канааттандыраарлык экендигин баса белгилешти. Отурумдун жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр түйшөлткөн суроолорун беришип, коноктордон жооп ала алышты.
Анда окуу пландарынын ичиндеги кээ бир сабактардын өтүлүшү, аларга болгон өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү сунушталды. Андан сырткары студенттердин теориялык алган билимдерин, практика учурунда канчалык деңгээлде пайдалана алаары да талкууланды. Ошондой эле иш берүүчүлөр жана окутуучулар ортосундагы байланышты жана студенттерди окутуудагы компетенттүүлүктү талкуулашып, Кыргызстандын келечеги үчүн мыкты адистерди даярдап, иш берүүчүлөр менен мындан ары дагы тыгыз байланышта болуп иштеше тургандыктарын айтышты.
Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр тарабынан анкета толтурулду. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, кээ бир жетекчилер менен келечекте биргеликте иш алып баруу үчүн келишимдерге да кол коюлду. УТРКНЫН “Замана” студиясынын баяндамачысы тарабынан жыйындын жүрүшү тартылып алынып, 16-февралда УТРКнын Замана таӊкы берүүсүнүн жаӊылыктар бөлүмүнөн саат 7:55те көрсөтүлдү.
http://iku.kg/index.php/component/content/article/9-news/108-21-kylymdyn-b-t-r-ch-s-n-n-uchurdagy-abaly-zhana-kelechegi-zhana-zhumush-ber-ch-l-rd-n-talaptary.html?Itemid=101#sigProId51ed6d3aad