2023-жылдын 30 мартында ЭКУнун Катар залында Дене табия, ден соолук, спорт жана аскерге чейинки даярдык борбору менен Лингвистика кафедрасы биргеликте Кыргыз республикасынын «Бадминтон спорт түрүнүн ѳнүгүүсү» аттуу тегерек стол ѳткѳрүштү. Тегерек столдун башкы коноктору болуп Азия бадминтон федерациясынан Кыргызстанга жѳнѳтүлгѳн дүйнѳлүк, профессионалдуу денгелдеги Малазиялык машыктыруучусу Камал Самбенхан жана Кыргыз Республикасынын бадминтон, сквоша федерациясынын вице президенти Эмир Аманбековтор катышышты. Тегерек стол англис тили форматында ѳтүлүп бадминтон спортту боюнча лингвистика кафедрасынын студенттери кызыктуу баяндамаларды даярдап жасашты. ЭКУнун ректору Байсаркеев Аскар Эсенович менен Кыргыз Республикасынын бадминтон, сквоша федерациясынын вице президенти Эмир Аманбеков келечекте ЭКУнун бадминтон спорт түрүнүн ѳнүктүрүү меморандумуна кол коюшуп, ыраазычылык каттар менен алмашылды. Иш чара Малазиялык машыктыруучуга ЭКУнун ыраазычылык каты ыйгарылып студенттер менен Камал Самбенхан арасында суроо жооп менен аякталды.
http://iku.kg/index.php/component/content/article/9-news/119-kyrgyzstanda-badminton-sport-t-r-n-n-n-g-sh.html?Itemid=101#sigProId91ac17d0e5